Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитетинин профсоюз мүчөлөрүнүн үй-бүлөлөлөрү Обком тарабынан материалдык жардамдарды алышты

             2020-жыл  мамлекетибиздин тарыхында эсте   калчу оор  жыл  болду.  Бул  кыйынчылыктарды  жеңүүдө жана илдет менен күрөшүүдө   Кыргыз  Республикасынын  билим  жана  илим  кызматкерлеринин  Борбордук  Комитети  жана  анын  төрагасы   Асылбек  Токтогуловичтин  жеке   демилгеси  менен билим  берүү  тармагындагы  профсоюз  мүчөлөрүнө камкордук көрүү, жакындан жардам берүү, кыйын кезеңде колдоо көрсөтүү максатында “Кесиптештерибизди колдойбуз” акциясы жарыяланган.

          2020-жылдын  23-сентябрда  Жалал-Абад обкомунун  төрагасы  А.А.Исмаилов  жооптуу  кызматкерлери  менен Таш-Көмүр   шаарында   пандемия  оорусу менен  ооруп  каза  болгон кесипештеридин  үйлөрүнө  барышып,  куран  окутулуп, психологиялык колдоо жана материалдык  жардамдар  берилди.

Бул  иш-чараларга шаардык билим берүү   бөлүмүнүн  башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Г.Эргешова, шаарком Э.Ж.Эгизалиева, мектеп директору С.Токтосунова, баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы Б.Усеновалар, кесиптештердин  үй-бүлөсүнүн  өкүлдөрү катышып,  профсоюздун   Борбордук  жана  облустук  комитеттерине өз ыраазычылыктарын билдиришти.

Материалды  даярдаган  :  Э.Ж.Эгизалиева.