Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Билим берүү кызматкерлеринин Өзгөн райондук профсоюз комитети тарабынан профсоюз мүчөлөрүнө көрсөтүлгөн жардамдар жөнүндө маалымат.

Билим берүү кызматкерлеринин Өзгөн райондук профсоюз комитети тарабынан

профсоюз мүчөлөрүнө көрсөтүлгөн жардамдар жөнүндө маалымат.

 

     Билим берүү кызматкерлеринин Өзгөн райондук профсоюз комитети тарабынан райондун аймагындагы мектептерде, бала бакчаларда эмгектенген турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө, жалгыз бой энелерге жана Мырза-Аке айыл аймагындагы М.Разаков атындагы жетим жана кароосуз калган балдар интернатынын балдарына, анда иштеген кызматкерлерге «Азык-түлүк баштыкчалары» жана медициналык
коргоочу каражаттар таркатылды.

Тактап айтканда:

     1.Мырза-Аке айыл аймагындагы М.Разаков атындагы жетим жана кароосуз калган балдар интернатына жалпы суммасы -12500 сомдук медициналык коргоочу каражаттар алынып берилди. Башкача айтканда .

              1.200 даана медициналык маска.

              2. 20 литр медициналык антицептик.

              3. 100 даана самын алынып берилди. 

     2. Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлерине жалпы суммасы - 6080 сомдук медициналык коргоочу каражаттар алынып таркатылды. 

              1.100 даана медициналык маска.

              2. 100 даана медициналык кол кап.

              3. 42 даана медициналык антисептик. 

     3. Өзгөн районундагы мектептерде, бала бакчаларда эмгектенген турмуш- шарты оор үй-бүлөлөргө, жалгыз бой энелерге -165 даана «Азык түлүк баштыкчасы» таркатылып берилди. 

Тактап айтканда:

     1. 165 профсоюз мүчөлъөрүнө жалпы суммасы

         - 149325 сомдук жардам берилди.

         - ар бир кызматкерге таркатылган азык-түлүк баштыкчасынын суммасы 905 сомду түздү.

         - таркатылган ар бир азык-түлүк баштыкчасына төмөндөгү өлчөмдөгү азык-түлүктөр салынды.

 1. 5 кг. Г\р\ч.

 2. 4 кг. Макарон.

 3. 2 кг. Кумшекер.

 4. 2 литр. Өсүмдүк майы.

 5. 2 кг. Туз.

     Билим берүү кызматкерлеринин Өзгөн райондук профсоюз комитети тарабынан кызматкерлерге жалпы суммасы -167905 сомдук жардамдар берилди.

 

М.Разаков атындагы жетим жана кароосуз калган балдар интернатына медициналык коргоочу каражаттарды тапшыруу.

 

А.Таёатаров, №5 В.И.Ленин мектептеринин, Наристе, Алтын-Ачкыч бала бакчаларанын кызматкерлерине азык – түлүк баштыкчаларын тапшыруу.

Ы.Бектемиров атындагы орто мектеби.

К.Рысбаев атындагы орто мектеби.

М.Разаков интернаты.