Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

БАТКЕНДИК БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ МАТЕРИАЛДЫК ЖАРДАМ БЕРИЛҮҮДӨ

БАТКЕНДИК БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ

МАТЕРИАЛДЫК ЖАРДАМ БЕРИЛҮҮДӨ

Бүткүл дүйнөлүк элдер катары эле Кыргыз мамлекетинин эли да оор сыноолуу күндөрдү башынан өткөрүүдө. Мына ушундай учурда Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Асылбек Токтогуловичтин демилгесин колго алып Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети 2020-жылдын 15-май күнү Баткен райондук комитетинин төрагасы А.Зайитов, райондук комитеттин техникалык инспектору А.Масалиев менен райондун аймагындагы айыл-кыштактарга барып профсоюз мучөлөрүнүн турмуш-шарты менен таанышып, колдоого муктаж болгон 50 билим берүү кызматкерлерине райондук комитеттин бюджетинин эсебинен ар бирине 2 000 сомдон, жалпы 100 000 сом акчалай материалдык жардамдарды тапшырып келишти.

Профсоюз мучөлөрү райондук профсоюз комитетине ыраазычылыктарын билдиришип, иштерине ийгилик каалашты.

Жардамга муктаж болгон билим берүү кызматкерлерине материалдык жардам берүү дагы пландаштырылып, улантылмакчы.