Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Баткенде «2016-жылдын мыкты мугалими» областтык кароо-сынагынын женүүчүсү аныкталды

    2016-жылдын 29-30-апрель күндөрү Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин базасында район, шаардык турларынан женүүчү деп табылган 7 мугалим  салтка айланган жылдын мыктысы наамына ат салышып, кароо-сынактын жыйынтыгында “2016-жылдын мыкты мугалими” деп Лейлек районунун Б.Набиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Бегайым Бегалиева табылып 11 000 сомдук телевизор менен сыйланды, ал эми экинчи орунду ээлеген Баткен шаарынын Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин мугалими Бермет Абдукахарова 8000 сомдук муздаткыч менен, үчүнчү орунду ээлеген Кадамжай району жана Кызыл Кыя шаарынын мугалимдери  3500 сомдук духовка менен сыйланышты жана калган катышуучулар 2500 сомдук  баалуу белектер менен сыйланышты. Жалпысынан областтык кароо-сынакка 32400 сомдук баалуу белектер  Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин торагасы З.Бөтөков тарабынан тапшырылып жылдын мыктыларынын түйшүктүү иштерине  ийгилик каалоо менен ар дайым билим берүү кызматкерлерин социалдык укукттук жактан колдоорун баса белгилеп кетти.