Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Баткен районунун жана Баткен шаарынын билим берүү кызматкерлерине даректүү жардам көрсөтүлдү

2021-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов Баткен облусунун Баткен районуна жана Баткен шаарына болгон иш сапарынын алкагында В.И.Ленин атындагы орто мектебинин базысында райондун жана шаардын чек ара чырынан жабыр тарткан билим берүү кызматкерлери менен жолугушуп материалдык акчалай жардам көрсөттү. Бул сапардын жүрүшүндө Баткен областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы З.Бөтөков, Баткен областтук кесиптик бирлик кеңешинин төрагасы А.Казаков, Жалал-Абад областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы А.Исмаилов, Ноокен, Базар-Коргон, Баткен райондук, Баткен шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары жана Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Ахматбеков коштоп жүрүштү.

 

Аны менен бирге Борбордук комитеттин төрагасы Асылбек Токтогулов кесиптик бирликтердин жана жалпы мугалимдердин атынан жабыркагандарга көңүл айтып, мекенди коргоодогу жаш жигиттердин эрдигин, кыргыз элинин духунун бекемдигин белгилеп, чек арада жашаган элдин патриоттуулугун жогору баалап, билим берүү кызматкерлерин колдоп, жылуу сөздөрү менен бөлүшүп, дем-күч берип, мындан ары жалаң жакшылыктар болуп, эки элдин ортосунда ынтымак болуусуна чакырды.

Ошондой эле, төрага жалпы эле билим берүү тармагында болуп жаткан көйгөйлөргө токтолуп кетти, тактап айтканда ата-энелер менен иштөө, коомчулук менен байланыш түзүү, күнүмдүк иш кагаздарынын санын азайтуу, мугалимдин катылып жаткан ички потенциалын ачуу, эмгек акысын жогорулатуу, педагогикалык эмгек стажын эсептөө тартиби, сабак өтүүдө жаңы ыкмаларды, маалыматтык каражаттарды, социалдык тармактарды колдонуу тууралуу сөз кылды. Аны менен бирге, пандемия учурунда мугалимдин аброю, жаш муундарды тарбиялоодогу эмгеги жогору бааланганын белгилеп, мугалимдерге ыраазы болуп, аброюна шек келтирбей колдон келген аракеттерди жасап, билим берүү кызматкерлеринин маселелерин жеринде чечип берүүгө чаралар көрүлүп жатканын айтты.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетине көрсөтүлгөн материалдык жардамы үчүн чогулган кесиптик бирлик мүчөлөрү терең ыраазычылыктарын билдиришти.  

Баткен районуна 296 000 сом жана Баткен шаарына 72 000 сом жабыр тарткан 27 педагогикалык эмгек жамаатына, 30 билим берүү кызматкерине жалпысынан 368 000 сом, Базар-Коргон жана Ноокен райондук кесиптик бирлик комитеттери 20 000 сом жана Баткен областтык кесиптик бирлик кеңеши 3 педагогикалык эмгек жамаатына 15 000 сом акчалай жардам берди.     

 

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети