Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

«Балдарды колдоо жылында»

2020- жыл «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо» жылына карата райондун билим берүү тармагында эмгектенген мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар кызматкерлер такталып, мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын тизмеси аныкталды. Билим берүү тармагында иштеген мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар - 41 кызматкерге Өзгөн райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан -82000 сом материалдык жардам көрсөтүлдү. Ошондой эле Мырза-Аке айыл аймагындагы  М.Разаков атындагы жетим жана кароосуз калган балдар интернатында тарбияланып жаткан  -180 окуучунун ар бирине 180 даана тиш жуучу паста, 180 даана тиш щеткасы, 180 кол жуучу самын, 200 даана медициналык беткап жана 10 литр медициналык антисептик алынып берилди. Өзгөн райондук билим берүү кзыматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы  И.Мырзамидинов Балдарды колдоо жылына карата М.Разаков атындагы жетим жана кароосуз калган балдар интернатынын тарбиялануучуларына колдоо көрсөтүү максатында өздүк гигиеналык жана медициналык коргоочу  каражаттарды тапшырды.

Өзгөн РПКнын  инспектору  А.Бөлөкбаев.