Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Ардактуу эс алууга узатышты

Зульфия Акматова Базар-Коргон районундагы билим берүү мекемелеринде 52 жылдан бери эмгектенип келе жатат. Ал учурда “Жаш талант” балдар чыгармачылык үйүндө шахмат ийримин жетектейт. Жаш жеткинчектерге шахмат оюнуна тартууга, аны үйрөнүүгө көп аракеттерин жумшап келди. Анын окуучулары спорттук спартакиадаларда ээлешти. Шахматты жайылтууга чоң салым кошуп келе жатат.

Райондук комитеттин төрагасы С.Жаркынбаев Зульфия Акматованын көп жылдык үзүрлүү эмгегин белиглеп, ага ыраазычылык билдирди. Ден соолугун чыңдап келишин каалап Жалал-Абад санаториясына жолдомо тапшырды.

Зульфия Акматова колдоолор үчүн кесиптик бирлик комитетине ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райКБКнын адиси К. Асыранкулов