Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирликтин жардамы

Ардагарге жардам көрсөтүлдү

Акматов Курсан Баткен районундагы Чек орто мектебинде мугалимдик кесипте иштеп жүрүп, ардактуу эс алууга чыккандыгына карабастан, дагы  деле мектеп менен байланышта болуп, жаштарга насаатчы катары кадыр-баркка ээ. Агай быйылкы жылы 80 жашка толуп, өзүнүн сексенинчи жазын тосууда. Акыркы мезгилде ден соолугуна байланыштуу үйүндө балдарынын кароосунда.

2021-жылдын  30-мартында профсоюздун  Баткен областтык комитетинин төрагасы З.Ботоков менен райондук комитеттин төрагасы А.Зайитов  агайды үйүнөн кабар алышып, материалдык  жардам көрсөтүштү. Бул жакшылыгы үчүн Курсан агай областтык жана райондук профсоюз уюмуна  ыраазычылык айтып, батасын берди.

 

 

Материалды даярдаган: Баткен райкомунун төрагасы А.Зайитов