Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

В Джалал-Абаде 16-го октября состоялся 1-ый Пленум профсоюза

ПЛЕНУМ

ТОКТОМ                                                       ПОСТАНОВЛЕНИЕ

 «Азыркы шартта социалдык өнөктөштүктү камсыз кылуу

аркылуу тармактын кызматкерлеринин укуктарын коргоодо

иш берүүчүлөр менен мамилелерди жөнгө салууда Жалал-Абад облусунун профсоюз уюмдарынын милдеттери жөнүндөгү» маселе боюнча билим берүү жана илим кызматкерленин профсоюзунун облустук комитетинин 1-Пленумунун

т о к т о м у

 

Күн тартибинде сунуш кылынган маселе боюнча билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы К.Мурзакматовдун докладын угуп, 1-Пленум төмөндөгүлөрдү белгилейт:

Социалдык өнөктөштүк маселеси билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун ишмердүүлүгүнүн негизги багыты болуп саналат.

«Кыргыз Республикасында  эмгектик мамилелер тармагындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы өлкөбүздө эмгек мамилелер тармагын уюштуруунун укуктук негиздерин, алардын иштөө шарттарын, өнүгүү жагдайларын жана өз ара байланыш механизмдерин аныктады. Эң башкысы- бул укуктук-ченемдик актыда профсоюз органдары мыйзам түрүндө кызматкерлердин эмгектик укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоочу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары расмий түрдө таанылган.

Райондук шаардык деңгээлдеги социалдык өнөктөштүк болюнча Аксы, Сузак, Ноокен, Жалал-Абад, Тогуз-Торо райондорунун жана шаарларынын билим берүү уюмдарында түзүлгөн макулдашууларда жана жамааттык келишимдерде иштегендердин социалдык корголуусун камсыз кылуу жана ар тараптан колдоо, эмгек акыны, кошумча төлөөлөрдү, материалдык кызыктыруу   ларды көбөйтүү жагында жеңилдиктерди жана кепилдиктерди берүү, мыйзамдарды сактоо боюнча милдеттемелер ачык жана толук каралган.

Бул район, шаарларда окуу жайларын педагогдордун, профессордук-окутуучулук тутумдардын социалдык жана экономикалык көйгөйлөрү социалдык өнөктөштүк

аркылуу ыраттуу чечилүүдө, өтө муктаж болгон окутуучуларга, жаш адистерге жашаганга батирлер берилип, иш сапарларына чыгымдар төлөнүп, менчик үйлөрдү куруу үчүн жер участоктору бөлүнүп, коммуналдык чыгымдардын айрым бөлүктөрү төлөнүп жатат.

Пленумдардын аралыгында облустун профсоюз уюмдарында укуктук мүнөздөгү иштерди уюштурууга өзгөчө көңүл бурулду. Район, шаарларда профсоюз активдерин катыштыруу менен эмгек мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча бир катар иштиктүү семинарлар өткөрүлдү. Аларда кызматкерлердин эмгек китепчелерин толтуруу, сактоо, ишке кабыл алуу жана бошотуу боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, бул багытта айрым мүчүлүштүктөрдүн орун алгандыгы да белгилүү болду. Аны обкомго келип түшкөн арыз даттанууларда тастыктап турат.

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында обкомго 7 арыз келип түшкөн.Алардын 3 профсоюздук иш боюнча, 1 адам жетекчиликке нааразы болуп кайрылса, дагы 3 арыз ээси саламаттыгын чыңдоо боюнча жолдомо бөлүп берүүнү өтүнгөн.Арыздардын бардыгы өз мөөнөтүндө каралып, тиешелүү жооптор берилди.

Облустун билим жана илим кызматкерлердин ден соолугун чыңдоо боюнча пландуу түрдө 2012-жылы санаториялык-курортук жайларда дарылануусу жана эс алуусу үчүн ден соолугун жакшыртуу фондусунан жана профсоюздук мүчөлүк акылардын  каржылоосу, ошондой эле жергиликтүү бюджеттердин эсебинен эс алдыруу иштери өз деңгээлинде уюштурулду. Үстүбүздөгү жылы Кыргызстан профсоюздар Федерациясынан 119 жолдомо бөлүнүп, анын ичинен «Жалал-Абад» курортуна-42, «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийине -15, «Ысык-Ата» санаторийине-16, «Кыргызстан» санаторийине -5, «Жети –Өгүз» курортуна -1, «Ала-Тоо» эс алуу үйүнө-9 «Чолпон-Ата» эс алуу үйүнө-17, «Арстанбап» пансионатына -14, «Ош» эс алуу үйүнө -4 жолдомо берилген.

Кыргызстан профсоюздар Федерациясынан берилген жолдомо менен облустагы балдардын эс алуу борборлорунда 151 окуучу, Ысык-Көлдө Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын пансионатында кыска мөөнөт менен 149 мугалим обкомдун, райшааркомдордун каражаты менен «Жалал-Абад» курортунда 109 мугалим (курсовка менен) жергиликтүү бюджеттин каражаты менен 86 мугалим жана 440 окуучу, демөөрчүлөрдүн каражаты менен 74 мугалим жана , 27 окуучу ден соолуктарын чыңдоого мүмкүнчүлүк алышкан.        Мындан тышкары жекече жана жамааттык формада түрдүү жүрүштөргө жана экскурсияларга 5873 билим берүү кызматкери тартылган. Жалпысынан үстүбүздөгү эс алуу өнөктүгүнө 6000 ден ашык мугалим катышып, саламаттыгын чыңдап, өлкөбүздүн тарыхый-кооз, маданий эстеликтери бар жерлери менен таанышышкан.

Ошону менен бирге Пленум жетишкендиктер менен катар айрым мүчүлүштүктөрдүн орун алгандыгын да белгилейт.

Пленум облустук комитет профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык жана  укуктук маселелерин чечүүдө социалдык өз ара сүйлөшүүлөр аркылуу бир кыйла тажрыйба топтоо менен максатка багытталган жакшы иштерди жүргүзүп жаткандыгына карабастан, ага баш ийген айрым уюмдарда ал иштер тиешелүү деңгээлге көтөрүлө албай жаткандыгын көрсөтөт. Жер-жерлердеги  макулдашуулардын жана келишимдердин айрымдарында  эске ала турган жетишпестиктер бар, айталык, аларда каралган иштерди аткарбагандар үчүн ар кандай жоопкерчилик каралган эмес, мындан улам көпчүлүк учурларда  социалдык өнөктөштөр аткарбаган  иштерине эч кандай реакция кылбаган айрым фактылар кездешет.

 

Пленум токтом кылат:

 

  1. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун облустук комитети тарабынан азыркы шартта социалдык өнөктөштүктү камсыз кылуу аркылуу тармактын кызматкерлердин укуктарын коргоодо иш берүүчүлөр менен мамилелерди жөнгө салууда жана БКнын 2-Пленумунун (Чолпон-Ата шаары, 3-сентябрь 2012-жыл) токтомдорун жүзөгө ашырууда бир катар иштердин жүргүзүп жаткандыгы белгиленсин.
  2. Профсоюздун облустук, райондук, шаардык комитеттерине , баштапкы уюмдардын жетекчилерине милдеттендирилсин:
    • социалдык өнөктөштүктү жаңы денгээлге көтөрүүгө негизги көнүлдү буруу, бул үчүн практикалык багыттагы иш – тажрыйбаларды жайылтууну колго алуу.
    • социалдык өнөктөштүктү айылдык, райондук, шаардык, облустук деңгээлде жана жергиликтүү шарттарды, ички мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен уюштуруу иштеринде жаңы ыкмаларды жана формаларды чыгармачылык менен өркүндөтүүгө жетишүү.
  3. Каралып жаткан маселе боюнча пландуу пленумдарды, президиумдарды, баштапкы уюмдарда профкомдордун жыйындарын  Уставдык талаптардын негизинде мөнөттөрүн так сактоо менен өткөрүүнү камсыздоо, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун 2-Пленумунун чечимдерин ишке ашыруу боюнча конкреттүү иш-чараларды кабыл алууга жетишүү, ошону менен бирге аталган жыйындарга сунуш кылынуучу материалдардын актуалдуулугуна, ар тараптуу даярдалышына, учурга шайкеш келүүсүнө, жалпы иштин кызыкчылыгына кызмат кылуучу сапаттарына өзгөчө көңүл буруу.
  4. Бул маселелерди кароодо коомчулуктун, жергиликтүү мамлекеттик бийликтин өкүлдөрүн катыштыруу аркылуу проблемалуу маселелерди биргелешип чечүүгө күч- аракеттерди багыттоого жетишүү
  5. Билим берүү мекемелеринде иштеп жаткандар жана студент жаштар үчүн зарыл шарттарды жаратып берүү менен техникалык коопсуздук эрежелерин мыйзам чегинде сактоого жетишүү, бул маселеде кызматкерлер менен тиешелүү түшүндүрүү иштерин системалуу жүргүзүүнү колго алуу.
  6.  Студент жаштарды профсоюздук кыймылга кеңири тартуу боюнча иш аракеттерди жүргүзүү, жогорку окуу жайларында студенттик профкомдордун ишин өркүндөтүү, студент жаштардын арасынан  мыктыларын тандап, тарбиялап жетекчи кызматттарга сунуштоо маселесин колго алуу, алардын эмгегин жана ички мүмкүнчүлүктөрүн жалпы профсоюздук иштин кызыкчылыгына  багыттоого жетишүү.
  7. Жер-жерлерден түшкөн өтүнүчтөргө жана суроо талаптарга ылайык облустун Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Көк-Жаңгак, райондук маанидеги Кербен шаарларында жашап, иштеп жатышкан мугалимдерге райондордогудай эле 1 миң сом кошумча төлөөнү жана булл маселеде профсоюздун Борбордук Комитетинин демилгесин колдоо.
  8. Каралып жаткан маселеде  профсоюздун   Борбордук Комитетинин   Республикада     жүргүзүп  жаткан  алдыңкы  иш- тажырыйбаларын облустун бардык деңгээлдеги уюмдарынын ишинде пайдалануу, облустун, район, шаардык баштапкы уюмдарындагы иш- тажырыйбаларынын негизинде облустун профактивин тааныштыруу боюнча семинарларды системалуу өткөрүп турууга жетишүү.
  9. Аткарылган алгылыктуу иштерди мындан ары улантуу менен орун алган айрым кемчиликтерди жана мүчүлүштүктөрдү четтетүү боюнча ырааттуу иш-чараларды жүргүзүүгө жетишүү.
  10. Пленумдун бул токтому бардык райондук, шаардык комитеттеринин пленумдарында, обкомго түз баш ийген баштапкы профсоюз уюмдарынын жана окуу жайларынын профсоюздук кеңейтилген чогулуштарында карап чыгып, тиешелүү иш - аракеттерди жүргүзүү.
  11. Пленумдун бул токтомунун аткарылышын көзөмөлдөө обкомдун президиумуна (төрагасы К.Мурзакматов) тапшырылсын.

Обкомдун төрагасы:                            К.Мурзакматов