Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Төраганын эстелик кол сааты менен сыйланышты

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин  26-декабрь 2018-жыл президимунун, № 21/9-1 токтому менен “Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин  төрагасынын  эстелик кол саат сыйлыгы жөнүндө Жобо”  бекитилген.

Жобого ылайык кызматкерлердин жана профсоюздук активдин тармактык профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык, экономикалык жана укуктук кызыкчылыктарын коргоо боюнча  ишмердиктерин баалоо жана кызыктыруу, социалдык өнөктөштөрдү өз-ара пайдалуу кызматташтыкка тартуу, чет өлкөлүк профсоюз лидерлерине  эл аралык  тилектештик көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин  төрагасы өзүнүн  эстелик кол саат сыйлыгын белгилеген.

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын залында 9-апрель 2019-жылы   атайын орто окуу жайларынын профсоюз комитеттеринин төрага (төрайымдары) үчүн  “Баштапкы кесиптик бирлик уюмун пландоо жана уюштуруу иштерин өнүктүрүү” деген темада семинар уюшулган.

Атайын окуу жайларынын кызматкерлеринин, профсоюздук активдин  жана тармактык профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык, экономикалык жана укуктук кызыкчылыктарын коргоодо кошкон чоң салымдары үчүн Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 09.04.2019 №20 буюрмасына ылайык төраганын эстелик кол саат сыйлыгы менен сыйланышты.

 

 

Урматтуу кесиптештер сыйлыгыныздар кут болсун!

 

 

 

 

 

                                                                                            Материалды даярдаган:

                                                                                            Уюштуруу бөлүмүнүн башчысы

                                                                                             Кулназарова Э.Д