Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Пленум профсоюза работников образования и науки КР

Очередной  Пленум ЦК профсоюза работников образования и науки КР состоялся       3– 4 сентября  2012 года в г Чолпон- Ата. В работе Пленума приняли  участие  57 его членов, а вместе с приглашенными  и работниками аппарата ЦК было 95 человек.

 Из состава членов ЦК профсоюза по разным причинам были выведены и введены в состав ЦК новые  его члены .

 По сложившейся традиции о социальном партнерстве в состав ЦК был избран новый статc- секретарь  МО и Н КР – Шадыханов  Калысбек Токтосунович, а также в состав ЦК были введены Председатель Чуйского профкома – Наматов С. Д. и председатель  Ошского горкома профсоюза – Балтабаев А. О.

 Далее был  заслушан доклад председателя ЦК профсоюза работников образования и науки КР – Токтогулова Асылбека Токтогуловича участниками Пленума. ( Подробно в газете « Позиция профсоюза).

 После доклада состоялось его обсуждение. По итогам работы Пленума единогласно было принято Постановление (текст прилагается).

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын  билим жана илим кызматкерлеринин  профсоюзунун Борбордук Комитети

 

ПЛЕНУМ

 

03.09.2012-ж.                             ТОКТОМ                           Чолпон-Ата ш.

 

 

Азыркы шарттарда социалдык өнөктөштүктү камсыз кылуу, тармактын  кызматкерлерине негизги укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоо жана иш берүүчүлөр менен социалдык өз ара алакаларды жөнгө салуу тууралуу

(Практика,  тажрыйба, проблемалар)

 

Кыргыз Республикасынын  билим жана илим кызматкерлеринин  профсоюзунун Борбордук Комитетинин II пленумунда “Азыркы шарттарда социалдык өнөктөштүктү камсыз кылуу, тармактын  кызматкерлерине негизги укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоо жана иш берүүчүлөр менен социалдык өз ара алакаларды жөнгө салуу тууралуу (Практика,  тажрыйба, проблемалар)” Кыргыз Республикасынын  билим жана илим кызматкерлеринин  профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т.Токтогуловдун жасаган докладын жана чыгып сүйлөшкөн катышуучулардын сөздөрүн угуп, пленум төмөнкүлөрдү белгилейт.

Социалдык өнөктөштүк маселеси-биздин профсоюздук ишмердүүлүгүбүздүн негизги багыттарынан жана анын натыйжалуулугунун айкын көрсөткүчтөрүнөн болуп эсептелет.  “Кыргыз Республикасында эмгектик мамилелер тармагындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамы өлкөбүздө эмгек мамилелер тармагын уюштуруунун укуктук негиздерин, алардын иштөө шарттарын, өнүгүү жагдайларын жана өз ара байланыш механизмдерин аныктады.  Эң башкысы- бул укуктук-ченемдик актыда профсоюз органдары мыйзам түрүндө кызматкерлердин эмгектик укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоочу  ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары расмий түрдө таанылган.

      Борбордук Комитеттин V сңездинде социалдык өнөктөштүк боюнча ачык жана системалуу милдеттер белгиленген, аларды турмушка ашырууда тармактык профсоюз бир кыйла  иштерди жүргүзүп жаткандыгына канааттангандык билдирүүгө болот.  Борбордук Комитет, областтык, райондук, шаардык, ЖОЖ жана АООЖ комитеттери,  КРнын УИА илим-изилдөө институттарынын баштапкы уюмдары өздөрүнүн деңгээлдеринде аткаруу бийлигинин органдарынын жетекчиликтери жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биздин профсоюздун мүчөлөрүнүн эмгектик укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоого, татыктуу эмгектенүүлөрүнө, алардын жашоосунун нагыз деңгээлин көтөрүүгө иштиктүү чараларды көрүп жатышат. 

Борбордук Комитет Жогорку Кењештин билим берүү боюнча карала турган маселелерин даярдоого жана талкуулоого активдүү катышып, анын тиешелүү комитеттери менен тыкыз иш алып барууну жолго коюп келатат. Өкмөттүн тармакка байланыштуу жүргүзүп жаткан ар кыл маселелери дагы көз жаздымдан калбайт. Өкмөттүк жыйындарга катышуу, Өкмөт жетекчилери менен жолугушуу, мыйзам долбоорлорун даярдоого катышуу, аларга эксперттик талкуулоо жүргүзүү, жер-жерлердеги аткаруу бийлигинин органдары колго албай жаткан маселелер менен кайрылуу аркылуу эки тараптуу пайдалуу өнөктөштүктү жүргүзүүдө.  Билим жана илим министрлигинин бардык уюштуруу жана аткаруу, көзөмөл жана кеңеш берүү ишмерликтеринде кызматкерлерибиздин укуктары жана кызыкчылыктары биринчи орунда турушуна жетишүүгө көп көңүл бурулууда.

Биздин профсоюздун мүчөлөрүн экономикалык жана социалдык жактан коргоонун башкы куралы катары  бир катар жылдардан бери үзгүлтүксүз түзүлүп, эки тараптуу жогорку деңгээлдерде кол коюлуп келаткан билим жана илим министрлиги менен биздин тармактык профсоюздун Борбордук Комитетинин ортосундагы  келишимди айтсак эч жаңылбайбыз. Бул  келишимде эки тараптын укуктары жана милдеттери ачык белгиленген. Келишимдин пункттарында тармактык кызматкерлердин социалдык жана укуктук кызыкчылыктарын коргоодо, мыйзамдуу эмгек шарттарын  жана эс алууларын түзүүдө аткарылуучу иштер жана алардын мөөнөттөрү так көрсөтүлгөн. Азыр аракеттенип жаткан эки тараптуу келишим 2010-жылы түзүлгөн.  Анда эң негизги иш чаралардын катарында билим берүү кызматкерлеринин эмгек акыларын көбөйтүүгө аракеттерди багыттоо каралган. Өзүңүздөр жакшы билгендей, бул милдет аткарылды десек болот,  2011-жылдын май айынан тартып республиканын билим берүү системасында  эмгек акы төлөө бир кыйла жогорулады. Эмгек акыны эсептөөнүн жана кошумча төлөөлөрдүн жаңы системасы киргизилди.  Биргелешкен аракеттердин негизинде республиканын  аймактарындагы педагогдордун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Президентине жана Өкмөттүн алдына койгон маселелер оң жакка чечилип, билим берүү системасынын бардык эмгек акы системасына  реформа жүргүзүлдү. Бул маселенин чечилишинде социалдык өнөктөш катары Кыргыз Өкмөтү өз  деңгээлинде зор кадам жасады, Борбордук Комитет менен Өкмөттүн социалдык өз ара сүйлөшүүлөрү конструктивдүү чечилип,  натыйжада республиканын жүз миңдеген билим берүү армиясы утушка ээ болду.

Аймактык деңгээлдеги социалдык өнөктөштүк боюнча Ысык-Көл, Жалал-Абад, Чүй областтарынын, Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарында,  ошондой эле алдыңкы жогорку окуу жайларында түзүлгөн макулдашууларда жана жамааттык келишимдерде иштегендердин социалдык корголуусун камсыз кылуу жана ар тараптан колдоо, эмгек шарттарын түзүү, аларга эмгек акыны, кошумча төлөөлөрдү, материалдык кызыктырууларды көбөйтүү жагында жеңилдиктерди жана кепилдиктерди берүү боюнча мыйзамдарды сактоо боюнча милдеттенмелер ачык жана толук каралган. Нарын областынын бардык райондорунда түзүлгөн үч тараптуу келишимдерде макулдашылган пункттар так көрсөтүлгөн. Областтын райондорунда мугалимдерден билимдерин жогорулатуу курстарына баргандарына иш сапарларынын чыгымдары толук төлөнүп берилет.

Пленум билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун жер-жерлердеги уюмдарында кесипкөй командалар  иштеп жаткандыгын, алар билим берүү тармагынын көйгөйлөрүн жакшы билишээрин, аткаруу бийлиги менен биргеликте акылдуулук жана туруктуулук менен өнөктөштөргө мыйзамдуу талап коюшаарын жана тармактын кызматкерлерин социалдык жактан коргоо маселелерин чече алышаарын  белгилейт. Алдыңкы уюмдардын катарына Бишкек шааркомун, Баткен,  Жалал-Абад,  Ош областтык комитеттерин, Жалал-Абад,  Талас шааркомдорун, Кочкор, Түп, Кемин,  Талас райкомдорун,  Баласагын атындагы КУУ,  ЖАМУ, Арабаев атындагы КМУ, КМКТжАУ профкомдорун ж. б. уюмдарды кошууга  болот. Бул  район, шаар, областтарда, окуу жайларында  педагогдордун, профессордук-окутуучулук тутумдардын социалдык жана экономикалык  көйгөйлөрү социалдык өнөктөштүк аркылуу ырааттуу чечилүүдө, өтө муктаж болгон окутуучуларга, жаш адистерге жашаганга батирлер берилип, иш сапарларына  чыгымдар төлөнүп, менчик үйлөрдү куруу үчүн жер участоктору бөлүнүп,  коммуналдык чыгымдардын айрым бөлүктөрү төлөнүп жатат.

Акыркы мезгилде  республиканын көпчүлүк район-шаарларынын профсоюз комитеттеринде  укуктук мүнөздөгү иштерди уюштурууга  өзгөчө көңүл бурулууда. Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад областтарында, Бишкек шаарынын мектептеринде, жогорку окуу жайларында эмгек мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча семинарлар өткөрүлдү. Айрым областтардын билим берүү уюмдарында аракеттенип жаткан эмгек мыйзамдары кандай сакталып жаткандыгы текшерүүгө алынды.  Аларда кызматкерлердин эмгек китепчелерин толтуруу, сактоо, ишке кабыл алуу жана бошотуу жааттарында көп сандаган тартип бузуулар аныкталып, профсоюз мүчөлөрүнүн укуктарына чектөөлөр, мыйзамсыз кызматтан бошотуулар болуп жаткандыгы аныкталды. Буларды ошондой эле алар тууралуу профсоюздун бардык деңгээлдеги органдарына келип түшкөн каттар, арыз-даттануулар жана кайрылуулар дагы далилдеп турат. Борбордук Комитетке үстүбүздөгү жылы оозеки жана жазуу түрүндө кеңеш алуу, даттануу жана арыз түрүндө  320 профсоюздун мүчөлөрү кайрылышкан, ал эми тармактык обкомдорго, райшааркомдорго дагы көптөгөн кайрылуулар болгондугу жарым жылдык жыйынтыкта анык болуп олтурат.

Эмгекти коргоо жана иштөө шарттарын түзүү боюнча акыркы жылдарда иш берүүчүлөр алгылыктуу аракеттерди көрүп жатышат. Ошентсе да, пленум бул жагдайды көзөмөлдөөнү эстен чыгарбоону айрыкча белгилейт.  Комитеттин  техникалык эмгек инспекциясы өткөн бир жыл ичинде билим жана илим мекемелерин 169 жолу, анын ичинен мамлекеттик эмгек инспекциясы менен бирдикте 15 жолу текшерүү жүргүздү, бул текшерүүлөр мурдагы жыл менен салыштырганда 0,5 пайызга көп. Буларда эмгекти коргоо боюнча эрежелердин жана ченемдердин негизги талаптарын аткаруудагы 1120 эреже бузуулар  катталган. Жумуш мезгилинде болгон бөөдө кырсыктардан улам 4 адам оор жаракат, 11и жеңил жаракат алган. Билим  берүү уюмдарын текшерүү көрсөткөндөй, эмгектин коопсуз жана ыңгайлуу шарттары айрым билим берүү уюмдарында эрежедегидей түзүлбөй, өрткө каршы жабдуулар камсыздалбай, техникалык коопсуздук боюнча эрежелер иштелип чыкпай, иштегендер жана окуучулар менен эмгек коопсуздугу боюнча аңгемелешүүлөр жүргүзүлбөй, өрткө каршы куткаруу пландары түзүлбөй келатат. Жалпысынан республиканын окуу уюмдарында эмгекти коргоо тармагындагы жагдай канааттандырбайт. Мындай жагдайдын орун алышын жетекчилердин коопсуздук проблемаларына тиешелүү көңүл бурбагандыгы жана техникалык коопсуздук эрежелерин жана ченемдерин аткарууга талап койбогондугу менен түшүндүрүүгө болот. Мекеме-уюмдардын жетекчилери техникалык коопсуздук жана эмгекти коргоо проблемаларын чечүүгө каражаттарды бөлүүгө көбүнчө маани бере беришпейт. Эмгектин коопсуз жана ыңгайлуу шарттарын камсыз кылуу маселесиндеги көңүл коштуктар бара-бара өндүрүштүк кырсыктарга алып келээри талашсыз.

Пленум Борбордук Комитеттин ишмерүүлүгүндөгү дагы бир негизги багыт- бул чет өлкөлүк профсоюздук кыймыл менен болгон кызматташтык жана эл аралык байланыштарды бекемдөө боюнча иштер болуп саналаарын белгилейт. Комитет   Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин  (КМШ), Эл аралык билим берүү уюмунун  жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн профсоюздарынын алкагында ар кандай форумдарга, жолугушууларга активдүү катышууда.

Республиканын билим жана илим кызматкерлеринин ден соолугун жакшыртуу боюнча пландуу түрдө 2012-жылы санаториялык-курорттук жайларда дарылануусу жана эс алуусу үчүн ден соолугун жакшыртуу  фондусунан жана профсоюздук  мүчөлүк акылардын каржылоосу, ошондой эле  ал эми жергиликтүү бюджеттердин  эсебинен эс алдыруу иштери уюштурулууда.  Айрыкча жайкы эс алуулар Ысык-Көлдүн “Илимдер академиясы ”, “Чолпон-Ата”, “Ала-Тоо” эс алуу үйлөрүндө,  “Красная гвоздика”, “Илим”  балдар эс алуу борборунда жакшы өткөндүгүн айтууга болот.

Пленум   Борбордук Комитет профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык жана укуктук маселелерин чечүүдө социалдык өз ара сүйлөшүүлөр аркылуу бир кыйла  тажрыйба топтоо менен максатка багытталган жакшы иштерди жүргүзүп жаткандыгына  карабастан, ага баш ийген  айрым уюмдарда ал иштер тиешелүү деңгээлге көтөрүлө албай жаткандыгын көрсөтөт. Жер-жерлердеги макулдашуулардын жана келишимдердин көпчүлүгүндө айрым эске ала турган  жетишпестиктер бар,  айталык, аларда каралган иштерди аткарбагандар  үчүн ар кандай санкциялар киргизилген эмес, мындан улам көпчүлүк учурларда социалдык өнөктөштөр аткарбаган иштерине эч кандай реакция кылбаган учурлар кездешет.    Айрым аймактарда мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик менен социалдык өз ара сүйлөшүүдө профсоюздун райшааркомдорунда  ишенимдүү максатка багытталган системалуулук жок, бул иштерди жүргүзүү боюнча атайын түзүлгөн комиссия ишке тартылбайт, жамааттык келишимдерди жана макулдашууларды кабыл алууда уюмдарда профсоюздук биримдик, ынтымак начар. Мындай адам факторуна байланышкан жагдайды жолго коюу боюнча Борбордук Комитет тарабынан  бир катар иштер жүргүзүлүүдө. 

Кыргыз Республикасынын  билим жана илим кызматкерлеринин  профсоюзунун Борбордук Комитетинин II пленуму

ТОКТОМ    КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын  билим жана илим кызматкерлеринин  профсоюзу “Кыргыз Республикасында эмгектик мамилелер тармагындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алуу менен тармактын билим берүү уюмдарында социалдык өнөктөштүктү уюштуруу, жүргүзүү, көзөмөлдөө жагдайларында системалуу жана ырааттуу ишмердүүлүктү аткарып жаткандыгы белгиленсин.

2. Борбордук Комитеттин президиумуна мамлекеттик бийликтин жогорку органдары менен билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана сактоо боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өз ара пайдалуу шарттарда жүргүзүү, облрайшааркомдордун ЖОЖ, АООЖ комитеттеринин төрагаларына эки жана үч тараптуу келишимдерди  жана макулдашууларды түзүү алдында даярдыктарды көрүү, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, иш чараларды аныктоо, талдоо, негизгилерин киргизүү, аткаруу мөөнөттөрүн жана жооптуу адамдарды аныктоо, өз убагында көзөмөлдөө, аткарылбай жаткан иш чаралар боюнча тиешелүү инстанцияларга кабарлап туруу милдеттендирилсин.

3. Тармактык профсоюздун жер-жерлердеги уюмдарынын жетекчилери окуу жайларында, мектептерде, балдар мекемелеринде социалдык өнөктөштөр менен аракеттенүүлөрдү колго алуу менен кызматкерлердин эмгек акыларынын туура жана өз убагында эсептелинишин жана таратылышын камсыз кылуу чараларын көрүшсүн, администрациялар менен бирдикте эмгектенүү жана эс алуу шарттарын уюштурууга, коопсуз эмгектенүү жагдайларын  түзүүгө, жаштардан келечек профсоюздук кадрларды даярдоого көңүл бурушсун.

4. Билим берүү уюмдарында профсоюз мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, эки жана үч тараптуу макулдашуулардын жана келишимдердин талаптарынын аткарылышына Борбордук Комитеттин укук бөлүмү коомдук көзөмөл жасоону улантуу менен баштапкы уюмдардын активине практикалык жардам көрсөтүүнү активдештирсин, техникалык эмгек инспекциясы эмгек коопсуздугун сактоо жана техникалык коопсуздук чараларын көрүү боюнча текшерүүлөрдүн натыйжалуулугуна жетишүүго иштерди активдештирсин, социалдык-экономикалык бөлүм мугалимдердин жана кызматкерлердин эмгек акыларынын жана кошумча төлөөлөрдүн системасына талдоо жүргүзүүнү жана ал маселелерди чечүүнү Борбордук Комитеттин алдындагы демилгелүү топтун кароосуна коюу менен мамлекеттик бийликтин жогорку органдарына жөнөтүү практикасын улантсын, уюштуруу бөлүмү эки жана үч тараптуу макулдашуулардын жана келишимдердин туура, так, маанилүү жана өз убагында түзүлүшүн,  аларды түзүүдө жана көзөмөлдөөдө иш алып баруунун колдо болгон бардык түрлөрүн: аңгемелешүүлөрдү, жеке жолугушууларды, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана айыл округдарынын башчыларына кат менен кайрылууларды, жалпы маалымат каражаттарын пайдаланууну көзөмөлгө алсын, финансы бөлүмү профсоюз уюмдары менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы финансылык маселелерди ырааттуу жана мыйзамдуу чечүүгө жетишсин. 

5. Эл аралык профсоюздук тилектештиктин рамкасында тармактык профсоюзда    Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин  (КМШ), Эл аралык билим берүү уюмунун  жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн профсоюздарынын, ошондой эле кыргызстан профсоюздар федерациясынын тутумуна кирген тармактык профсоюздар, областтык профсоюздар кеңештери менен кызматташууга көңүл бурулсун.

6. Социалдык өнөктөштүк боюнча алдыңкы тажрыйбалар жана колго алынбай жаткан проблемалар тармактык профсоюздун “Позиция профсоюза” газетасына дайыма жарыяланып турсун.

7. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү уюштуруу бөлүмүнүн башчысы К.И.Ибрагимовага тапшырылсын. 

 

 

 

Төрага                     А.ТОКТОГУЛОВ