Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Көлдө өткөн көчмө пленум

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин пленуму тууралуу маалымат

 

2018-жылдын 21-24-август күндөрү Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун Жарлыгы менен жарыяланган “Региондорду өнүктүрүү жылынын” алкагында Ысык-Көл областынын профсоюз уюмдарынын базасында  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин пленуму болуп өттү.

Анын ишине Борбордук Комитеттин мүчөлөрү, облрайшааркомдордун, ЖОЖ жана АООЖ профкомдорунун төрагалары, Ысык-Көл областынын мамлекеттик бийлик органдарынын жана билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, ЫМУнун жетекчилиги жана профсоюздук уюмдарынын жетекчилери, тармактык профсоюздун активи, социалдык өнөктөштөр, басма сөз өкүлдөрү катышышты.

21-августта иш чаранын катышуучулары Балыкчы шаарындагы № 4 гимназия мектебинин жана № 4 “Чолпон” балдар бакчасынын жаңы окуу жылына карата даярдыктары, баштапкы профсоюз уюмдарынын ишмердүүлүктөрү менен таанышышты.

Андан соң алар Тоң районунун борбору Бөкөнбаев айылына сапар алышып, ал жерде кыргыздын улуу акыны Жоомарт Бөкөнбаевдин атын алып жүргөн мектепке барышты, билим ордосунун кааналарын кыдырып көрүшүп, ремонт-жасалгалоо иштери менен таанышышты, баштапкы профсоюз уюмунун атайын бөлүнүп берилген каанасында коюлган иш кагаздарын карап чыгышты, профсоюздук уюштуруу жана социалдык коргоо боюнча маалыматтарды алышты.

Бул күн өлкөдөгү Курман Айт майрамына туура келгендигине байланыштуу пленумдун катышуучулары Тоң районундагы Манжылы Ата мазар комплексине барышып, зыярат жасашты, улуу күндү белгилешти.

22-август күнү пленумдун катышуучулары Жети-Өгүз районунун профсоюз уюмдарынын ишмердүүлүктөрү менен жеринде таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул райондун Тосор айылында быйыл апрель айында пайдаланууга берилген “Бугу Эне” мектепке чейинки билим берүү уюмуна барышканда үлгү болоорлук тарбыя ордосу экендигине терең ынанышты. Балдар бакчасынын улуттук каада-салттардын коштоосу менен жасалгаланышы, тарбыя жана билим берүүнүн эң мыкты усулдарынын колдонулушу, тарбыячылардын өз иштерине чыгармачылык менен мамиле кылышы келген меймандардын жогорку бааларына ээ боло алды. Бакчанын тарбыячылары 4 топто кийиз, таш, кагаз менен иштөө жана монотипия техникасы боюнча балдардын буюм жасоо ыкмаларын үйрөтүү жаатында мастер-класстарды өткөрүштү. Дагы бир жагымдуу окуя- бул балдар бакчасынын эмгек жамаатында баштапкы профсоюз уюмун уюштуруу жыйыны келген меймандардын катышуусунда өттү. Профсоюз мүчөлөрүнө жаңы профсоюздук билеттер тапшырылды.

Күндүн калган бөлүгүндө көчмө пленумга катышкан меймандар Жети-Өгүз капчыгайында тигилген боз үйлөрдө 3 топко бөлүнүшүп, профсоюздук ишмердүүлүк боюнча өз ара тажрыйба алмашуу өткөрүштү. Бул жайдын кооз жерлерине барышты, жаратылыштын кооздугуна суктанышуу менен көңүлдүү эс алышты.

23-август күнү иш чаранын катышуучулары Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде болушту, окуу жайынын башкы корпусуна жайгашкан атайын музейдин экспонаттары менен таанышышты. Профсоюз комитетинин аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат берүү иш чарасына  күбө болушту.

Андан соң ушул окуу жайынын «Толкун» эстетикалык борборунда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин пленуму болуп өттү. Аны кириш сөз менен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т.Токтогулов ачты.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни жаңырды.

Пленумдун президиуму, катчылыгы шайланды, күн тартиби жана регламенти бекитилди.

Күн тартибине төмөнкү маселелер киргизилди:

  1. Уюштуруу маселеси
  2. Тармактык профсоюздун ишмердигиндеги актуалдуу багыттар, проблемалар жана аларды чечүүнүн жолдору.
  3. Ар кыл маселелер.

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча пленум Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун кеңейтилген жыйынынын Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Ташиев Жапаркул Актаевичти Борбордук Комитеттин мүчөлүгүнө жана президиумунун мүчөлүгүнө шайлоо тууралуу чечимдерин бекитти.

Пленум Баткен областындагы Лейлек районунун билим берүү жана илим кызматкерлер профсоюзунун райондук комитетинин төрагасы А.Бердиевди Борбордук Комитеттин мүчөлүгүнө киргизүү тууралуу чечим кабыл алды.

Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т.Токтогуловдун “Тармактык профсоюздун ишмердигиндеги актуалдуу багыттар, проблемалар жана аларды чечүүнүн жолдору” деген аталыштагы доклады “Позиция профсоюза” газетасына жарыяланып, пленумдун катышуучуларына алдын-ала таратылып берилгендиктен, докладчы БК ишмердигиндеги актуалдуу багыттар, алдыда турган проблемалар жана аларды чечүүнүн жолдору тууралуу атайын жасалгаланган слайддардын коштоосунда баяндама жасады.

Доклад боюнча жарыш сөздөргө билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Нарын областындагы Кочкор райондук комитетинин төрагасы А.Темиров, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Чүй областындагы Сокулук райондук комитетинин төрайымы И.Афанасьева, Ош мамлекеттик университетинин бириккен профсоюз комитетинин төрагасы А.Аккулов, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Бишкек шаардык комитетинин төрайымы Г.Султанбаева, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын бириккен профсоюз комитетинин төрайымы А.Алымкулова, Ысык-Көл областтык билим берүү институтунун директору, областтын билим берүү уюмдарынын координатору К.Шарипов, Кусеин Карасаев атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ректору, профессор К.Абдылдаев чыгып сүйлөштү.

Пленумда Борбордук Комитеттин  профсоюздук ишмердүүлүктөрү менен айырмаланышкан профсоюз кызматкерлеринин жана активинин жоон тобун “Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз кыймылынын отличниги” төш белгилери жана Борбордук Комитеттин Ардак грамоталары менен сыйлоо жөнүндө чечими жактырылды жана бир катар катышуучуларга ал сыйлыктар салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Пленум күн тартибинде каралган маселелер боюнча токтомдорду кабыл алды.

Жыйындан кийин пленумдун катышуучулары Ысык-Көлдүн жээгиндеги залкар илимпоз Кусеин Карасаевдин күмбөзүнө гүлчамбыр коюшту жана куран окушту. Анын атын алып жүргөн музейде болушту жана экспонаттар менен таанышышты.  Гүлчамбыр ошондой эле орус саякатчысы Пржевальскийдин эстелигине да коюлду.

Ушуну менен Борбордук Комитеттин пленуму ишин аяктады.