Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

БОРБОРДУК КОМИТЕТТИН ПРЕЗИДИУМУНУН КЕҢЕЙТИЛГЕН ЖЫЙЫНЫ

2018-жылдын 29-мартында Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жыйындар залында билим  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун кеңейтилген жыйыны болуп өттү. Ага БКнын президиум мүчөлөрү, райондук, шаардык, ЖОЖ жана АООЖ профсоюз комитеттеринин төрагалары, аппараттын кызматкерлери, басма сөз өкүлдөрү катышышты.

         Жыйынды кириш сөз сүйлөө менен Кыргыз Республикасынын билим  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов ачты.

         Президиумдун жыйыны жагымдуу маанай менен башталды. Алгач А.Токтогулов жакында 60 жылдык мааракелерин белгилешкен  билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областындагы Кара-Суу райондук  комитетинин төрагасы Памирбек Жакыпович Жакыповду жана билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Талас областындагы Манас райондук  комитетинин төрагасы Талантбек Жамелович Медеталиевди бул кубанычтуу даталары менен куттуктады, аларга Борбордук Комитеттин куттук-дарек кат-китепчелерин тапшырды жана ак калпактарды кийгизди.

         Жыйындын күн тартиби жана регламенти бекитилди.

         Жыйында төмөнкү маселелер каралды:

         1. Уюштуруу маселеси.

         2. Талас областындагы Бакай-Ата, Талас райондорунун  мугалимдеринин тарификацияланышына,  жалпы билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин айлык эмгек акыларына кошумча төлөмдөрдүн жана үстөк акылардын эсептелинишине,  дем берүүчү фонддордун бөлүштүрүлүшүнө жана укук ченемдеринин колдонулушуна мектептердин профсоюз комитеттеринин көзөмөлдүгү жөнүндө.

         3. КР Улуттук Илимдер Академиясынын бириккен профсоюз комитетинин ага  баш ийген профсоюз уюмдарында аракеттенип жаткан эмгек мыйзамдуулугунун сакталышына жана эмгектенгендердин  социалдык  проблемаларын  чечүүдө коомдук көзөмөлдүктү уюштуруусу жөнүндө.

         4. Профсоюздун Бишкек шаардык комитетинин жана Бишкек шаарындагы атайын орто окуу жайларынын профсоюз комитеттеринин тармактык профсоюздун Уставынын ченемдерин аткаруулары боюнча уюштуруучулук-массалык иштери жөнүндө.

         5. Тармактагы финансылык тартиптин абалы. Чүй жана Талас областарынын райшаар уюмдарынын текшерүү комиссияларынын финансылык ишмердиктерге көзөмөл жүргүзүүсү боюнча иштери жөнүндө.

         6. Профсоюздун райшааркомдорунун жана ЖОЖ профкомдорунун төрагаларын бекитүү жөнүндө.

         7. Профсоюздун Бишкек шаардык комитетинин социалдык өнөктөштүктү уюштуруу боюнча иш тажрыйбасын жайылтуу жөнүндө.

         8. Ар кыл маселелер.

         Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча уюштуруу маселеси каралды. Калысбек Токтосунович Шадыханов Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлигинин статс-катчысы кызматында турганда билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин мүчөсү жана анын президиумунун мүчөсү милдеттерин аркалап келген. Үстүбүздөгү жылдын январь айында К.Т.Шадыханов Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалган.

         Президиумдун жыйыны башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу К.Т.Шадыхановду билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин мүчөлүгүнөн жана анын президиумунун мүчөлүгүнөн чыгарды. Узак жылдар өлкөнүн билим берүү тармагында, тармактык профсоюздун шайлануучу жогорку органдарында үзүрлүү эмгеги үчүн К.Т.Шадыхановго  жыйындын катышуучулары ыраазычылык билдиришти, жаңы кызматында ага чың ден соолукту, иштеги ийгиликти жана жеке турмушундагы бакубат жашоону каалашты. Ага ак тилек катарында ак калпак кийгизишти жана баалуу белек тартуулашты.

         К.Т.Шадыханов жооп кайтарган сөзүндө билим жана илим кызматкерлеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодогу биргелешкен эмгектери үчүн тармактык профсоюздун Борбордук Комитетинин мүчөлөрүнө, анын президиумунун мүчөлөрүнө, жер-жерлердеги зор активине зор ыраазычылык билдирди.

         Президиумдун жыйыны кийин Борбордук Комитеттин пленумунда бекитүүгө коюу менен Кыргыз Республикасынын билим жана илим министрлигинин статс-катчысы Жапаркул Актаевич Ташиевди Борбордук Комитеттин мүчөлүк жана анын президиумуна мүчөлүк тутумуна киргизүү тууралуу чечим кабыл алды.

         Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча “Талас областындагы Бакай-Ата, Талас райондорунун  мугалимдеринин тарификацияланышына,  жалпы билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин айлык эмгек акыларына кошумча төлөмдөрдүн жана үстөк акылардын эсептелинишине,  дем берүүчү фонддордун бөлүштүрүлүшүнө жана укук ченемдеринин колдонулушуна мектептердин профсоюз комитеттеринин көзөмөлдүгү жөнүндө” Борбордук Комитеттин социалдык-экономикалык жана эмгек акы бөлүмүнүн башчысы Л.П.Олимпиева, күн тартибиндеги үчүнчү маселе боюнча “КР Улуттук Илимдер Академиясынын бириккен профсоюз комитетинин ага  баш ийген профсоюз уюмдарында аракеттенип жаткан эмгек мыйзамдуулугунун сакталышына жана эмгектенгендердин  социалдык  проблемаларын  чечүүдө коомдук көзөмөлдүктү уюштуруусу жөнүндө” Борбордук Комитеттин башкы укук жана техникалык эмгек инспектору Б.М.Кадыркулов, күн тартибиндеги төртүнчү маселе боюнча “Профсоюздун Бишкек шаардык комитетинин жана Бишкек шаарындагы атайын орто окуу жайларынын профсоюз комитеттеринин тармактык профсоюздун Уставынын ченемдерин аткаруулары боюнча уюштуруучулук-массалык иштери жөнүндө” Борбордук Комитеттин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы К.И.Ибрагимова, күн тартибиндеги бешинчи маселе боюнча “Тармактагы финансылык тартиптин абалы. Чүй жана Талас областарынын райшаар уюмдарынын текшерүү комиссияларынын финансылык ишмердиктерге көзөмөл жүргүзүүсү боюнча иштери жөнүндө” республикалык текшерүү комиссиясынын төрайымы Н.Ш.Ахматовабилдирүүлөрдү жасашты. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Бишкек шаардык комитетинин төрайымы Г.У.Султанбаева күн тартибиндеги төртүнчү маселе боюнча кошумча билдирүү менен чыгып сүйлөдү.

         2018-жылдын январь-март айларында шайланышкан И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Токмок техникалык институтунун профсоюз комитетинин төрайымы Айсулуу Ашимовна Жанузакованын,  билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Талас областындагы Манас райондук  комитетинин төрагасы Талантбек Жамелович Медеталиевдин, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Талас областындагы Талас райшаардык  комитетинин төрайымы  Фатима Асанжановна Батырбаеванын, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин профсоюз комитетинин төрайымы Айнура Ахматбековна Суюмбаеванын, билим  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Нарын областындагы Нарын шаардык  комитетинин төрагасы  Токтогон Качкымбаевич Качкымбаевдин ыйгарым укуктары аныктаган ал профсоюз уюмдарынын отчеттук кайра шайлоо жана конференцияларынын чечимдери бекитилди.

         Күн тартибиндеги жетинчи маселе боюнча “Профсоюздун Бишкек шаардык комитетинин социалдык өнөктөштүктү уюштуруу боюнча иш тажрыйбасын жайылтуу жөнүндө” Борбордук Комитеттин төрагасы А.Т.Токтогулов сөз сүйлөп, аны жайылтуу боюнча бир катар милдеттерди койду.

         Президиумдун жыйыны Борбордук Комитеттин ишмердигине байланышкан ар кыл маселелерди карады.

         Жыйында бардык каралган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.