Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Баштапкы кесиптик бирлик уюмдарына жардам

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин баштапкы кесип бирлик уюмунда уюштуруу  иштеринин жүргүзүлүшү боюнча 26-апрель 2019-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районунда баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага (төрайымдары) үчүн семинар өткөрүлдү.

Семинардын максаты: Баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрага (төрайымдарына) кесиптик бирлик уюмунун иштерин уюштуруу боюнча  жардам көрсөтүү болуп саналат.          Баштапкы кесипик бирлик уюмун уюштуруу, кесиптик бирликтин максаты, милдеттери, кесиптик бирлик уюмунда уюштуруучулук-массалык иштердин багыттары, кесиптик бирликтин комиссиялары,  кесиптик бирликтин бурчун уюштуруу боюнча сунуштар жана жааматтын социалдык паспорту жөнүндө  түшүнүктөр берилди.

Семинарды Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасынын орун басары, Жети-Өгүз райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Молдокматов Ө.К. жана Борбордук Комитеттин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Кулназарова Э.Д. 36 баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага (төрайымдарына) өтүштү.

Материалды даярдаган:

уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Кулназарова Э.Д.