Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Уюштуруу иштери

Айлыктын алкагындагы алгылыктуу иштер

2024-жылдын 20- майында Токмок шаарында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин "Эмгекти коргоо" боюнча бир айлыктын алкагында «Кесиптик бирлик - билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, кесиптик, социалдык-экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун кепили!" семинар-жолугушуусу өтүп жатат.

Семинар- жолугушууга Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ысык-Ата райондук комитетинин төрайымы Б.Тыныбекова, кесиптик бирликтин Кемин райондук комитетинин төрагасы А.Исхаков, кесиптик бирликтин Аламудун райондук комитетинин төрайымы Г.Алымкулова, кесиптик бирликтин Чүй райондук комитетинин  торагасы Джекшенбек уулу Мезгилбек, кесиптик бирликтин Токмок шаардык комитетинин төрайымы Д.Жумалиева, Чуй -Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Алмакунов, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кемин, Ысык-Ата, Аламүдүн, Чүй райондорундагы жана Токмок шаарындагы мектеп, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага, төрайымдары, социалдык өнөктөштөр-мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору катышып жатышат.

КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Э.Кулназарова билим берүү кызматкерьеринин эмгектик, кесиптик, социалдык-экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо кесиптик бирликтин Борбордук комитетинин аткарып жаткан иштери жөнүндө кеңири маалымат берди.

Ж.Баласагын атындагы КУУнин юридика факультетинин ага окутуучусу Г.Такырбашева "Эмгекти коргоо" боюнча слайд коштогон лекция окуп, эмгек укуктарын коргоо тууралуу маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Андан кийин Кыргызстандагы Ф. Эберт фонду тарабынан даярдалган "Кызматкерлердин эмгекке болгон укуктарын коргоо" боюнча видеороликтер көрсөтүлдү. Семинар-жолугушууда кесиптик бирликтердин мүчөлөрү тарабынан берилген суроолорго кесиптик бирликтин Борборбук комитетинин социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Закиряева жана райондук, шаардык комитеттеринин төрага, төрайымдары тиешелүү жоопторду беришти.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети