Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Эл аралык кызматташтык

Келечекти ойлогон жаштарга колдоо көрсөтүү.

2020-жылдын 25-январында Аксы районунда ЮНИСЕФтин ар бир бала үчүн программасынын негизинде "Балдар үчүн ыңгайлуу шаар"деген темада долбоордун презинтациясы болду.Бул презинтацияда долбоордун жеңүүчүлөрү, өздөрүнүн проектилерин жакташты.Кыргызтандын жана Өзбекстандын жаштарынын арасында ынтымакты чыңдоо максатында ,чек арага жакын жайгашкан мектептердин окуучуларынан сурамжылоо жүргүзүп,долбоор үч ай окутту.Ынтымактуулукка чакырып ,жаштардын башын бириктирген бул окуу ,чоң жыйынтык берет деген үмүттө.Жаштар коңшулаш айылдын,шаардын балдары менен достошушту. Өзбекстан жаштары менен да достошуу эң жакшы нерсе.
#Чексиздостук# долбоору жаштарды келечекти курууга,ойлоп табуучулукка,биримдикке,элди ойлогон патриоттук сезимдерди ойготту.
Айылдын турмушун кантип оңдоого,муктаждыкты чечүү,иш менен камсыз болуу,материалдык каражат табуунун жолун көрсөтүштү.Презинтацияга ЮНИСЕФтин өкүлдөрү Абдыманапов Медер ,Абдымомунова Чынаралар Ош жергесинен келишип ,калыстыкты көрсөттү.Андан сырткары Аксы районунун акиминин орун басары Дамира Сулайманова, вице-мэри Кудайбердиев Улан, социалдык адис Абдыкааров Нурлан катышышты.Окуучулар өздөрүнүн темаларына макет ,видео ролик,схемаларды чыйып көрсөтүштү.Жактырылган проект ЮНИСЕФ уюму тарабынан каржыланып,колдоо көрсөтүлөт.Катышкан командаларга ийгиликтерди каалашты.Катышуучуларга сертификат ,сумкалар белекке берилди.
Материалды даярдаган Наргиза Тотоева.