Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Эл аралык кызматташтык

Эл аралык жолугушуу

2022-жылдын 10-июнунда Жалал-Абад  областынын Ноокен районунда Өзбекстандын Наманган областынын кесиптик бирликтер бирикмесинин Кеңешинин делегациясы менен Кыргыз Республикасынын  Жалал-Абад областынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин делегацияларынын «Достук - кесиптик бирликтердин ишмердүүлүгүн өркүндөөтүгө өбөлгө” темасындагы жолугушуусу болуп өттү.

Өзбекстандык делегациясын Жалал-Абад областынын Ноокен районуна караштуу Бүргөндү айылдык аймагындагы “Маданият” өткөрүү жайынан тосуп алынды.

Эл аралык жолугушууга төмөнкү курамдагы кесиптик бирликтердин лидерлери жана обкомдун, райшааркодордун жооптуу кызматкерлери катышышты. Өзбекстандан төмөнкү курамдагы делегация:

  1. Садиков Кахраман Махкамович – Өзбекстандын кесиптик бирликтер Федерациясынын Наманган областтык Кеңешинин төрагасынын орун басары;
  2. Корабаев Мирнозир Абдувахапович – Өзбекстандын кесиптик бирликтер Федерациясынын Наманган областтык Кеңешинин эмгек боюнча техникалык инспектору;
  3. Ганиев Лутфидин Фатхидинович – Өзбекстандын билим берүү жана илим кызматкерлеринин республикалык Кеңешинин Наманган областынын жооптуу  уюштуруучусу;
  4. Тухтаназаров Алимардон Абдумаликович – Өзбекстандын кесиптик бирликтер Федерациясынын Наманган областтык Кеңешинин төрагасынын жаштар иштери боюнча кеңешчиси.

Кыргыз Республикасынан төмөнкү курамдагы делегация:

  1. Тойгонбаев Сабыр Абдувапович – КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасынын орун басары, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитетинин төрагасы.
  2. Исмаилов Абдукахар Арапович – Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы.
  3. Орозалиев Абдимажит Джумабаевич – Билим берүү жана илим  кызматкерлеринин  кесиптик  бирлигинин Сузак райондук  комитетинин төрагасы.
  4. Нышанов Кубанычбек Калдарович – Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы.
  5. Жаркымбаев Сүйүнбек Сарыевич – Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы.
  6. Сулайманов Замирбек Байышбекович- Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад облустук комитетинин алдындагы Жаштар Кеңешинин төрагасы.

Иш-чара 2-бөлүк менен өткөрүлдү. Эл  аралык жолугушуунун расмий 1-бөлүгү Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын конфренц-залында болуп өттү.

Жолугушууну Жалал-Абад обкомунун укук жана эмгекти коргоо боюнча башкы инспектору А.Айдаров ачып, делегацияларды тааныштырды.

Сөздү  – КР  Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик  бирлигинин   Жалал-Абад облустук  комитетинин  төрагасы  Исмаилов  Абдукахар  Арапович  берди.  Ал жолушуунун  маанысы, кесиптик бирликтердин  ишмердүлүүгундөгү  ролу, мындай  иш-чараларды уюштурууга Бобордук Комитеттин төрагасы  А.Токтогулов  менен    Өзбекстандын  билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин республикалык  комитети   менен  түзүлгөн  Меморандум негиз  болгондугу тууралуу  айтып, областта  жургузулуп  жаткан  иштер  жөнүндө  маалымат берди.

Сөздү – КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасынын орун басары, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош облустук комитетинин төрагасы Тойгонбаев  Сабыр  Абдуваповичке берди. С.А.Тойгонбаев сөзун башында  Боборбордук Комитеттин төрагасы А.Токтогуловтун  куттуктосун меймандарга жана катышуучуларга жеткирип,Борбордук Комитет жтекчилигинде аткарылып жаткан иштерге токтолду. Жолугушууну областтар аралык биринчи башталышы менен куттуктап, эки тараптуу түзүлө турган келишим боюнча иштиктүү сунуштарын билдирди.

Делегациянын мүчөлөрү А.Орозалиев, С.Жаркынбаев, К.Нышнов, З.Сулаймановтор иш тажрыйбаларынан айтышып, алдындагы эки тараптуу келишимге сунуштарын  билдирип, ийгиликтерди каалашты. Сөз Өзбекстандык дедегациянын мүчөлөрүнө берилди.

Өзбекстандын кесиптик бирликтер Федерациясынын Наманган областтык Кеңешинин төрагасынын орун басары - К.М.Садиков сүйлөп, эки элдин ортосундагы достук мамилерди чыңдоо менен кесиптик бирликтер ишмердүлүүгүн өркүндөтүү үчүн келишимдерди түзүп, жаңы ийгиликтерды камсыз кылууга жаңы багыттарды белгилөөнүн  тарыхый башталышы тууралуу белгиледи. Эки тараптуу келишимдер мазмуну боюнча айтып, сунуштарын билдирди.

Делегациянын мүчөлөрү М.Корабаев, Л.Ганиев, А.Тухтанзаров сүйлөп, эки мамлекеттин кесипттик бирликтери ортосундагы достук менен ишмердүүлүктү мындан ары  бекемдоого шарттар түзүлүп  жаткандыгын белгилешип, келишимдер боюнча сунуштарын айтышты.

Кырыгз Республикасынын жана Өзбекстандын кесиптик бирликтеринин ишмердүүлүктөрүн биргеликте уюштуруу жөнүндөгү КЕЛИШИМге кол койюлду.

Жалал-Абад обкому тарбынан Борбордук Комитеттин ишмердүүлугү баяндалган “Инсан КЖ” журналын А.Исмилов Өзбекстандын билим берүү жана илим  кызматкерлеринин республикалык Кеңешинин Наманган областынын жооптуу уюштуруучусу - Л.Ф.Ганиевге тапшырды. Делегациялардын жаштар кеңештеринин өкүлдөрү белектерин алмашышты.

Иш-чаранын 2-бөлүгү Ноокен районундагы Ж.Ниязов атындагы республикалык көмөкчү жатак мектебинде улантылды

Делегациялардын мүчөлөрү “1-июнь-Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнү” иш-чараларынын алкагында көмөкчү-жатак мектебинин тарбялануучуларынан кабар алышып, майрамдык иш-чараларына катышышты. Мектептин директору Э.Абдурахманов мамлекет жана демөөрчүлөр, жакшы тилектүү инсандар тарабынан жана эл аралык  коомдук уюмдар тарабынан берилип жаткан жардамдар тууралуу кеңири баяндап берди.

Мектепте тарбиялануучулар үчүн түзүлүп жаткат шарттар менен таанышышты, бүтүрүүчүлөрдүн майрамдык аземине катышып, балдардын кубанычтарын бөлүшүштү.

Мектептин жамаатына жана окуучуларга Өзбекстандын делегациясынын атынан Л.Ганиев, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин атынан С.Тойгонбаев, Жалал-Абад обкомунун атынан А.Исмаилов, Ноокен райкомунун атынан К.Нышанов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн атынан Г.Борбиевалар майрамдык азем менен куттукташты.

Жалал-Абад обкому 20 миң сомдук жана Ноокен райкому тарабынан 5 миң сомдук белектер балдарга тапшырылды. Балдар ыраазычылык  билдиришип, чакан концерт  тартуулашты.

Мектептин директору Э.Абдурахманов Өзбекстандык делегация мүчөлөрүнө жана меймандарга балдардан кабар алып, аларды кубандыргандыгы жана белектери үчүн  жамаатынын атынан ыраазычылык билдирип, кесиптик бирлик уюмдарынын иштеринде ийгиликтерди, жетишкендиктерди каалады.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров