Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Эл аралык кызматташтык

Баку Форуму чечимдери жаңы иштерге шыктандырды

      2016-жылдын 6-7-июлу күндөрү  Билим  берүү   жана  илим  кызматкерлеринин  кесип  бирлигинин Жалал-Абад  облустук  комитетинин  иш  планына  ылайык райондук,  шаардык комитеттеринин  төрагалары, укук жана эмгекти  коргоо боюнча  техникалык  тескөөчүлөрү, облустук  комитеттеттин  жооптуу  кызматкерлери  үчүн көчмө семинар-кеӊешме  Чаткал  районунун базасында өткөрүлдү.

      Семинар-кеӊешмеде  облустук  комитеттин  төрагасы А.А.Исмаилов  Евразыялык  Эларалык Уюмдун 27 июнь – 2 июль айларында өткөн   ХI  Баку  Форумунун    кенешмесинин  материалдары  менен да  кеңри тааныштырды. Форумдун  чечимдерин   турмушка  ашыруу  үчүн облустук кесиптик  бирлик  лидерлеринин  алдындагы  милдеттерине  токтолду.

      Билим  берүү  кызматкерлеринин жайкы  эс  алуусун уюштуруу  маселелери каралып конкретүү  тапшырмаларды берди. Райондук  шаардык лидерлер жайкы  эс  алууну  уюштуруу  иш  ташрыйбалары  боюнча ой-пикирлерин,  жаны  сунуштарын билдиришти. Семинардын  катышуучуларына Аксы,  Ала-Бука,  Чаткал  райондорунун  аймагындагы  эс  алуу  жайлары  жөнүндөгү  маалыматтар  берилди . Борбордук Комитеттин демилгеси  менен облустан 40 кесиптик  бирликтин лидерлери   10-14-июль күндөрү  Ыссык-Көлдө билимдерин  өркүндөтүү  менен  эс  алуусу уюштурулушу боюнча  маалыматтар жеткирилди.

      Көчмө  семинардын катышуучулары Евразыялык  Эларалык Уюмдун ХI  Баку Форумунун   кенешмесинин  чечимдерин турмушка  ашыруу менен Борбордук Комитеттин Эларалык  Уюмдар  менен  иштөө  багытындагы  иш  аракеттеринин колдошуп,  жаңы демилгелүү  иштерге шыктандыргандыгын өзгөчө белгилешти  жана облустук  комитеттин жаңы баштаган  иш-чараларына ийгиликтер  каалашты.

 

Материалды даярдаган: Ноокен райКБКнын тескөөчүсү-А.Айдаров.