Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Эл аралык кызматташтык

8-чи Бүткүл дүйнөлүк билим берүү боюнча Конгресс

Кыргыз Республикасынын  билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович 2019-жылдын 17-июлунан 27-июлуна чейин Бангкок шаарында (Таиланд)  Билим берүү боюнча эл аралык уюму уюштурган  8-чи Бүткүл дүйнөлүк  билим берүү боюнча Конгресске катышууда.

21-июль күнү Токтогулов Асылбек Токтогулович  ЕКПОнун директору Сюзан Флокан жана эл аралык секретарь Роберт Густавсон  менен жолугушуп, азыркы учурдагы профсоюзда жүргүзүлүп жаткан маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындан ары бирге иш жүргүзүү боюнча макулдашууну кабыл алышты.

=

22- июлда КР билим берүү жана илим кызматкерлеринин Борбордук комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович  Белоруссия Республикасынын  билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы Бойко Александр Александрович менен жолугушуп, 2019-2024-жылдарда  Кыргыз Республикасы жана Белоруссия Республикасынын ортосунда билим  берүү жана илим кызматкерлеринин социалдык, экономикалык, адам укуктары жана мыйзамдуу талаптарын  бекемдөө жана коргоо боюнча кызматташууну өнүктүрүү,  билим берүү чөйрөсүндө  мамлекеттик саясатты калыптандырууда кесиптик бирдиктердин ролун күчөтүү максатында  кызматташтыкты жүргүзүү боюнча келишимге  кол коюшту.