Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ЖАМУда спартакиада старт алды!

 

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде кызматкерлердин ден соолугуна кам көрүү жакшы жолго коюлган. Спорт - ден соолуктун соолубас булагы катары бааланып, көп жылдардан бери  спорттун ар кандай түрлөрү боюнча салтка айланган спартакиада өткөрүлүп келүүдө. 2021-жылдын 22-март күнү ЖАМУда кезектеги "Ден соолук-2021" спартакиадасы старт алды!

 

Быйылкы жылдагы спартакиаданын өзгөчөлүгү университеттин беш факультетинин, административдик башкаруу бөлүмүнүн жана кенже кызмат көрсөтүүчү кызматкерлердин  командалары өзүнчө, ал эми ЖАМУнун бардык колледждеринин  жана Таш-Көмүр инженердик факультетинин командалары өзүнчө уюштурулуп, байге фондунун да өзүнчө коюлушу, ал эми ЖАМУнун администрациясы менен профсоюздук комитетинин биргелешип уюштуруусу жана бардык командалардын мүчөлөрүнүн атайын спорттук форма менен камсыз болушу иш чаранын дагы бир өзгөчөлүгү экендигин университетибиздин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор К.Ж.Усенов спартакиаданы ачуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө баса белгиледи.

 

ЖАМУнун профкомунун төрайымы М.Ш.Маткаримова спартакиаданын катышуучуларын куттуктап,  аларды биримдикке, ынтымакка чакырып, кызыктуу оюн күтөөрүбүздү жана калыстар тобунан демейдегиден өзгөчө акыйкаттуулук талап кылынаарын белгилеп,  мелдеште жеңүүчү эң күчтүү команда  болушун айтып, спартакиадага ак жол каалады.

 

Спартакиаданын катышуучуларын куттуктап, жаш спортчулар өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Спартакиаданын биринчи күнү шахмат жана тогуз коргоол оюндары боюнча беттешүүлөр менен башталып, мелдеш  кызуу таймашуулаар менен өттү.

 

Материалды даярдаган: ЖАМУнун профкомунун кызматкери Нуржан Баитова