Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ЖАМУда интернационалист-патриот ардагерлер да эмгектенишет

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде  Ооган согушунун алты ардагери үзүрлүү эмгектенип келишүүдө,  атап  айтсак: окуу жайыбыздын ректору, техн. и. д., профессор Усенов К.Ж., медицина факультетинин деканы б.и.к., доцент Нурдинов Ш.Ш., Ш.М.Ниязалиев атындагы  “Философия жана гуманитардык илимдер” кафедарасынын ага окутуучулары  Шерматов А.О., менен Мамытов М.И., Жалал-Абад колледжинин окутуучусу  Жоробаев Ы.С. жана кенже көмөк көрсөтүү чарбасынын кызматкери Р.Сарымсаковдор.

Жыл сайын  ардагерлерибизге көңүл бурулуп, окуу жайыбыздын администрациясы жана ЖАМУнун профсоюз комитети тарабынан патриоттук өңүттөгү  жолугушуулар ующтурулуп, урмат сый көрсөтүлүп, көңүл бурулуп турулат.  

Мына быйыл да, университеттин ректорунун буйругунун негизинде атайын каражаттын эсебинен 5000 (беш миң) сомдон акча каражаты которулуп, ЖАМУнун профкомунун төрайымынын демилгеси боюнча    2021-жылдын  15-февралында  ардагерлер менен чакан жолугушуу ующтурулду. Анда  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору,  профессор Алибаев Атабек Пахырович, социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Доранова Айгул Дадажановна,  профсоюз комитетинин  төрайымы Маткаримова Минавар Шарабидиновналар  ардагерлерди  советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын  32   жылдыгы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубат жашоо каалашты. Ошондой эле   ЖАМУнун профсоюз комитетинин президиумунун 2021-жылдын 29-январындагы 1/6-3 номерлүү токтому  менен, профкомдун эсебинен  2000 (эки миң) сомдон  каржылык колдоо  тапшырылды.

Ардагерлердин атынан А.О. Шерматов маанилүү сөз сүйлөп, ыраазычылыктарын билдирип, сөз каражаттын көлөмүндө эмес, көңүл бөлүнүп, көңүлдүн көтөрүлгөндүгүндө экендигин белгиледи жана жаштарга билим берип, тарбиялоодо талыкпай эмгектене беришээрин айтты.

 

Даярдаган:ЖАМУнун профкомунун кызматкери Н.Д.Баитова