Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Тоң районунда жолугушуу

2016-жылдын  3-4-мартында  Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Бобордук Комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович, Ысык-Көл областтык Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз  кыймылынын уюштуруучусу Молдакматов Омурбек Кыдырганович  Тоӊ районунда иш сапарында болушту.

Бул жолугушууга Билим жана илим  кызматкерлеринин Тоӊ райондук комитетинин төрагасы Жумабеков Кылычбек Токтоналиевич,   Тоӊ райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кулназарова Элмира Досуевна, Тоӊ райондук Билим берүү бөлүмүнүн адиси Апсаматов Алмамбет Дамирович жана башка тиешелуу билим берүү кызматкерлери катышышты. Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов алгач Ж.Турусбеков атындагы орто мектептин эмгек жамааты менен жолугушту. Жолугушууда мектептин мугалимдери менен азыркы учурдагы көйгөйлүү маселелер тууралуу  маек куруп,  профсоюз   кыймылында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеӊири айтып берди. Ошондой эле  өткөн жылы  Тоӊ районунда болуп өткөн жер титирөөдөн жапа чеккен мугалим Г. Ашуубаевага, А.С.Пушкин атындагы орто мектептин  мугалими Балкыбеков Асанга  материалдык жардам  катары акча каражатын тапшырды. Мектептин директору  М.Жылкыбаев мугалимдердин атынан Борбордук Комитеттин төрагасы А.Токтогуловго ыраазычылык билдирип,  берилген материалдык жардам жапа чеккендер учун чоӊ жардам болорун айтты.

Иш сапарынын андан аркы журушу Тоӊ районунун Б.Мамбетов атындагы орто мектебинде уланды.  Аталган мектептин эмгек жамааты менен жолугушууда А.Токтогулов билим берүү кызматкерлеринин мыйзамдык укуктарын жана алардын социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана чындоо максатында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди жана мугалимдерди кызыктырган  бардык  суроолоруна жооп берди. Өткөн жылы жер титирөөдөн жапа чегип, үйлөрү жараксыз абалда  калган   мектептин  төрт мугалимине материалдык жардам катары  акча каражаттарын тапшырды. Материалдык  жардамды  Б.Мамбетов атындагы орто мектептин мугалимдери Ж.Акымбаева, Ж.Жамгырчиева, П.Алаева, З.Байгазиевалар алышты. Жолугушуунун акырында мектептин директору  Б.Орозалиева чыгып сүйлөп, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан берилген жардам үчүн абдан ыраазы экендиктерин билдирди.

Иш сапарынын экинчи  күнү  Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов  Тоӊ районунун Кол-Тор айылындагы Ж.Айтикеев атындагы орто мектепте болуп, мектептин эмгек жамааты менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө мектепте болуп жаткан койгойлуу маселелер , окуу-тарбияи штеринин кандай жүргүзүлүп жаткандыгы, Билим берүүнүн сапаты жөнүндө кеӊири сөз болду. Жолугушууда мектептин мугалимдери Т.Тазеков жана Асанкадыр кызы Перизаттын  2015-жылдын 6-7-ноябрына караган түнү   катуу шамалдан улам алар жашаган турак-жайынын чатыры кулап үйдүн ичине түшкондүгүнон улам уй-жайы жараксыз абалга келип,  үйдүн чатыры, потологу жана ичиндеги буюм-тайымдары сынган. Буларды калыбына келтиүү үчүн 50500 мин сом акча каражаты керектеле тургандыгы жөнүндө маалымат берилди.   Бул маселеге байланыштуу төрага А.Токтогулов аталган мугалимдердин үй-жайын көрү үчүн жеринде барып таанышты. Бир мектепте иштеген жаш мугалимдердин уйунун ал-абалын көргөндөн кийин үй-жайын калыбына келтирүүгө жардам катары үй ээси Т.Тазековго материалдык жардам катары  акчалай жардам берилди.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө Ж.Айтикеев атындагы орто мектептин директору  Борбордук Комитеттин төрагасы А.Токтогуловго ыраазычылыгын айтып,  жолугушуу учур талабына ылайык келгендигин,  мындай жолугушуулар көп болсо деген тилегин айтып, ыраазычылыгын билдирди, берилген материалдык жардам аталган мугалимдер үчүн чоӊ жардам болорун айтты.

Ушуну менен Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогуловдун иш сапары аяктады.