Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Сыйлыгыңар кут болсун!

КРнын Эгемендүүлүк күнүнɵ карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Сузак районунан үч мугалим «КРнын Ардак грамотасына» татыктуу болсо, анын экɵɵ Т.Темирбаев атындагы мектеп-гимназиясынын мугалимдери. 

Алардын бири Шамшиева Жыпар Камбаровна - Т.Темирбаев атындагы мектеп-гимназиясынын директорунун милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан.  Ал бул сыйлыкка 14 жыл окуу бɵлүмүнүн башчысы, 12 жыл мектеп-гимназиянын директору болуп иштеп эмне деген жаратман эмгеги менен ушул сыйлыкты алууга жетишти. Мектеп-гимназияны райондо гана эмес, бүткүл республикага да таанымал кылды. Мектеп-гимназиянын  материалдык-техникалык базасын бекемдөө менен чыгармачыл мугалимдердин жамаатын түзүүгɵ жетишти. Билим сапатын кɵтɵрүүгɵ жетишти.

Ал эми Кочкорбаев Чырмаш мектепте «Дастан» ийримин жеетктеп окуучуларын республикалык конкурстарда бир нече жыл катары менен  биринчи орундарды ээлеп, алтын медаль, Ардак грамоталарды алып келишкен. «ЭлТР», «ЖТР» каналдарында окуучуларынын ɵнɵрлɵрүн тартуулап келишти. Белгилүү Барпычы, дастанчы, тарбиячы Кочкорбаев Чырмаш да  «КРнын Ардак грамотасын» алууга татыктуу болушту. Биз Сузак районунун билим берүү кызматкерлеринин профсоюздарынын райондук комитетинин мүчɵлɵрү булардын сыйлыгы менен чын дилибизден куттуктайбыз жана мындан аркы иштеринде чгармачылык эргүү менен эмгектене беришине тилектешпиз.

 

Маалыматты даярдаган: Сузак райКБКнын маалыматтык адиси, КРнын Эмгек  сиңирген  мугалими А.Авазов