Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Сузак районундагы мугалимдин окуясы боюнча

КР Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитети 2022-жылдын 23-май күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ж.Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбиялык комплексиндеги мугалим Мээримгул Эргешбаеванын жана окуучу кыздын ортосунда келип чыккан чыр-чатак  окуясы жөнүндө өз пикирин билдирүүнү туура тапты. 

Тилекке каршы, бул окуя билим берүү кызматкеринин - мугалимдин ачууга алдырып өз окуучусуна кол тийгизгендигинин дагы бир кейиштүү мисалын жалпы коомчулукка ачыктады.

Окуя ачыкталган сон коомчулукта эки кайчы пикир пайда болду: биринчилер мугалимди күнөөлөшсө, экинчилер окуучу кыздын тарбиясына нааразы болушту.

Окуянын пайда болгон жеринде болсо мектеп директорун ээлеген кызмат ордунан бошотуу маселеси ал эми мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучу мугалимге жана класс жетекчиге  “сөгүш” тартиптик жазасы каралды. Ал эми окуянын негизги каармандары болгон мугалим жана окуучу кыз ооруканада дарыланып жаткандыгына байланыштуу алардын жоруктарына баа берүү маселеси азырынча каралбай тургандыгы маалым болду.

Бул окуяга тиешелүү учурларды изилдөөдө Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетинин багыты менен Сузак райондук профсоюз комитети жеринде өз катышуусун камсыз кылды. Профсоюз уюмунун Сузак райондук комитети педагогдун этикасын одоно бузган мугалимдин жагдайын туура түшүнүү менен бирге Мээримгул эжекенин  жана мектеп жамаатынын укугун коргоо боюнча өз иш аракеттерин уюштурду.

Учурда көпчүлүктүн нааразычылыгына карабастан КР Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитети Сузак райондук комитети менен биргеликте аталган мугалим эжеке эн биринчиден педагог катары  КР “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын 29-статьясынаа ылайык “аброюн” жана “кесиптик баркын” коргоо укугуна ээ жана ошондой эле  анын педагогдук эмгеги туура бааланып урматтоого татыктуу экендигин унутпашыбыз керектигин билдирет.

Албетте, ушул эле учурда окуучулар жана ата-энелер дагы өз укуктарынын корголушун камсыздоого муктаж жана өз милдеттерин “КР Мыйзам бузуулар жөнүндө Кодексине” киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык аткарышы керек экендигин да баса белгилеп кетишибиз керек.

Муну менен КР Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук комитети билим берүү кызматкерлерине тиешелүү кандай гана учур жана жагдай жаралбасын өз мүчөлөрүнүн укуктарын жана таламын талашууга кызыктар экендигин дагы бир жолу белгилейт.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Борбордук комитети