Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Студенттер япон маданиятына кызуу аралашууда

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун Гуманитардык факультетинин Аймак таануу адистигинин жамааты “Күн чыгыш өлкөсүнө саякат” аталышындагы маданий иш-чара өткөрүштү.

Кече окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуевдин, факультеттин жамааты жана студенттердин катышуусунда болуп, жакынкы арада Япониядан келген ыктыярчылардын демилгеси менен уюштурулду.

Иш чаранын жүрүшүндө “Японияга жумушка орноштуруу борборунда” япон тилин үйрөнүп, билим алып жаткан студенттер атайын даярдалган программалык номерлерди көрсөтүштү.

Студенттер иш чарада япон элинин кимоно улуттук кийимдерин кийип, йосаку, аниме бийлерин бийлешип, икебаналарды жасашты. Бул менен бирге япондордун улуттук даамдары суши жана сорпонун жасалыш ыкмасын көрсөтүп, жалпы катышуучуларга даам татууга сунушту.

 

Андан кийин япон кыргыз, тилдеринде чыгармаларды аткарышып, студенттердин япон маданиятына кызуу аралашып жатканы 2 элдин достугун арттырган көпүрө болуп берээри анык.

Аталган борбордо учурда социалдык билим берүү боюнча окуп жаткан студенттер басымдуу билим алышып, Японияга 3айлык практикага жөнөтүлүп турушат. Ал эми сырттан келип бул тилди үйрөнүп, чет өлкөгө атайын жумуш иштөөгө кетип жаткан жарандар жана студенттер да көбөйүүдө.

 

Материалды длаярдаган: ОГПИнин пресс-кызматы