Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ОшМУнун профилакториясынын бүгүнкү күндөгү абалы

Профилакторияда  негизинен жылына беш жүз (500) студент  кабыл алынып, ар бир айда элүү ( 50 ) студент даарыланып чыгат.  Биринчи байлык ден соолук болгон үчүн, профсоюз комитети студенттерди эң жакшы шарттар менен камсыз кылган. Ал жакка барган  студенттерге өзгөчө мамиле жасалат. Мисалы ар бир студенттин дене табы өлчөнүп, бой салмак жана башка өзгөчөлүктөрү кылдаттык менен текшерилет. Андан сырткары профилакториянын ашканасы кенен, күнүнө 3 жолу тамак берилет  жана ар күнү жаңы тамактардын тизмеси (меню)  түзүлөт. Ар жыл сайын оңдоп түзөө иштери жүрүп турат. Алсак,  эшик,  терезелери сырдалып, эскилиги жетип, колдонуудан чыгып калган буюмдары жаңыланат. Ашканасы, жуунуучу жайлары жана спорт аянтчалары  талапка жооп берет.

 

Тазалык – гигиенанын биринчи эрежеси. Демек, ар бир студент тазалыкты сактоого тийиш. Ал үчүн тазалык шаймандарына муктаждык келип чыгат. Бул жагын дагы ОшМУнун профсоюз  комитети көз жаздымда калтырбады. Ар кандай тазалыкты сактоочу каражаттар менен камсыздап келет.

 

Студенттер окуу учурунда  ата энеси алыс болгондугуна байланыштуу алардын мээримине муктаж болушат. Бул жагын да профсоюз комитети колго алган. Профилакторияга барган ар бир студенттин жеке абалы, жүрүм туруму профсоюз комитети үчүн өтө маанилүү. Ошондуктан ар бир студентке ата энесинин мээримин аз да болсо жеткирүү максатында, ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы А.Э.Саттаров жана ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Ж.А.Артыкова жолугушуп, алардын ой-пикирин угуп келишет.

 

Материалды даярдаган: ОшМУнун профкомунун башкы адиси Айжан Айтыкулова