Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ОшМУ Тамбов мамлекеттик университети менен кызматташуу маселелерин талкуулады

Ош мамлекеттик университети менен Г.Р.Державин атындагы Тамбов мамлекеттик  университетинин  ортосунда онлайн  жолугушуу  болуп  өттү. Жолугушууда  илимий  багытта   биргелешкен   иш-аракеттерди  алып  баруу, билим берүү программаларын иштеп чыгуу, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү маселелери талкууланды. Жыйынтыгында эки окуу жай ортосунда тиешелүү факультеттердин декандары жана программа жетекчилери менен жолугушууларды уюштуруу жөнүндө макулдашуулар   болду.

Жыйынга ОшМУдан эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев, Тамбов мамлекеттик университетинин эл   аралык байланыштар департаментинин директору Ирина Безукладова баштаган тиешелүү адистер катышышты.

 

Материалды даярдаган: ОшМУнун профкомунун башкы адиси Айжан Айтыкулова