Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ОГПИде жаштар багы түптөлдү

 

Бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун бак болуучу короосунда көчөттөр отургузулду.

Иш чарага окуу жайдын ректору, профессор Бекмурза Зулуев, Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы Изат Берхмаматов,  Орхус борборунун мүчөлөрү жана  студенттер катышып, алманын бир канча түрүнөн көчөттөрдү тигишти.

 

Жаз айынын келиши менен ишке ашып жаткан бул саамалык бир гана окуу жайга эмес, жалпы шаарга көрк берип, экологиянын таза сакталышына чоң салым болоору анык. Ошондуктан институттун жетекчиси Бекмурза Зулуев мындан ары бак отургузууга жарамдуу жердин аянтын кеңейтип, дагы башка көптөгөн көчөттөрдү тигүүгө даяр экенин билдирди. Бул менен бирге жаңы тигилген көчөттөргө керектелүүчү азыктарды окуу жайдан каржылап берээрин айтып өттү. Ал эми бүгүнкү отургузулган көчөттөр Орхус борбору тарабынан алынып, жаштар багын куруу үчүн жашылдандыруунун үстүндө биргелешкен топ иштөөдө.

 

Эскерте кетсек  2020-жылдын  октябрь айында  “Экологиялык өнүгүү” коомдук фонду, Орхус борборунун Оштогу жетекчиси Каныбек Исабаев, Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы Изат Берхмаматов жана Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректору Бемурза Зулуев менен  ОГПИнин башкы окуу имаратанын базасында экологиялык багытта жаштар багын куруу боюнча  үч тараптуу келишим  түзүлгөн.

 

Материалды даярдаган: ОГПИнин маалымат-кызматы