Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ОГПИде Т.Абжалов ат. “Кыргызстан тарыхы” каанасы ачылды

 

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун жамааты маркум Турсунмамат Абжаловду эскеришти.

Окуу жайдын башкы имаратында агайдын атына арналган Кыргызстан тарыхы каанасынын ачылыш аземи болуп, иш чаранын расмий бөлүгү чоң актылар залында уланды.

Бүгүнкү эскерүү кечеге устаттын окутуучулары, замандаш достору, шакирттери, үй бүлөсү, бир туугандары келип, окуу жайдын эмгек жамааты жана студенттер катышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Турсунмамат Абжалов тууралуу даярдалган фильм көрсөтүлүп, жалпы катышуучулар агайдын жаркын элесин экрандан көрүп, көздөрүнө жаш алышты. Андан соң эскерүү сөздөр сүйлөнүп, агайга арналган чыгармалар аткарылып, комуз күүлөрү ойнолду.

 

Бул кечеде Турсунмамат Абжаловдун ким болгондугу, ишмердүүлүгү, адамдык алтын сапаттары жана жасаган эмгектери туурасында кенен сөз козголуп, жалпы замандаштары өзгөчө кайгыруу менен эске салып, жанынын урматына куран окушту.

Турсунмамат Абжалов 1956-жылы Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Тоо айылында жарык дүйнөгө келген. Окуу жайда 1979-жылы эмгек жолун баштап, өзүнүн 40 жылдык өмүрүн ОГПИнин өнүгүүсүнө арнаган. Үй-бүлөдө 7 бир туугандын улуусу болгон.  Агайдын артында 5уул, 1 кызы калды.  2019-жылы оорудан кайтыш болгон.

 

 

Материалды даярдаган: ОГПИнин пресс-кызматы