Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

ОГПИде "Менин мугалимдик жашоом" аталышында конок-лекция болду

Н.Кийизбаева: Мугалимдик - бул эң жакшы бизнес. Бир жолу сапаттуу үйрөнүп алсаң, өмүр бою сапаттуу сатасың.

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда студенттер үчүн жаңы долбоор түзүлүп, бир топ белгилүү инсандардан сабак алуу максатында конок-лекциялар уюштурула баштады.

Алгачкы конок Эл аралык Ататүрк-Ала-Тоо университетинин бүтүрүүчүсү, 6 китептин автору, ЖРТ боюнча 5жолку алтын сертификат чыгарган адис жана эң көп китеп окуган мыкты мугалим Наргиза Кийизбаева болду.

Лектор студенттерге "Менин мугалимдик жашоом" деген темада өз тажрыйбасынан бөлүшүү менен маек курду. Окуу жайда жалаң гана педагогикалык багытта билим алган жана эртең мугалимдик кесипти аркалай турчу студенттер болгондуктан бул сабакка эркин аралашып, баарлашуунун мыкты аурасы жаралды.

Наргиза Кийизбаева мугалим деген ким, мыкты мугалим кандай болот, идеалдуу мугалимдин сапаттары, мугалим болуунун пайдалары туурасында кеңири жана тийиштүү маалыматтарды айтып, өз кесибин сүйгөн мыкты адис экенин даана көрсөтө алды. Темадан сырткары креативдүү ойлору, китеп жазуу чыгармачылыгы жана иш тажрыйбасы менен бөлүштү. Мунун баары жалпы катышуучулар үчүн маңыздуу маалыматтын катарын толуктап, аларга бир топ мотивация берилип, семинар өз максатына жете алды.

 

Балким, мугалимдик кесипти популярдуу кылабыз?!

"Мугалим эле бол, айылга турмушка чыксаң деле иштей бересиң!"- деп эмес, сен билим берүү министри болгуң келеби? Биздин айылды, мектепке жаңылык алып келген мугалим болгуң келеби?- деп шыктандыруу керек.

Айлыгы 5-7 миң сом окубай эле кой! - деп эмес, жакшы окусаң айлыгың доллар менен болот деп айтсак болбойбу? Албетте, өз предметин мыкты билген мугалимдер доллар менен айлык алганы жалган эмес.

ЖРТ баллы төмөн болуп, педагогика багытта билим алуну тандап калган студенттерди, "Башың иштебейт, ошон үчүн келдиңер да!"- деп жээрибей эле, мугалимдик кесиптин улуулугун айтып, стимул бере берсек кантет?- деген ой пикирлерин ортого таштап, мугалимдик кесиптин көпчүлүк көрбөгөн, сезбеген баалуу жактарын тааныта алды.

 

 

Материалды даярдаган: ОГПИнин маалымат борбору