Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Медициналык колледжде илимий жумалык өтүп жатат

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы» жөнүндөгү жарлыгына ылайык ОшМУнун медициналык колледжинде «Медициналык кызматкерлердин психоэмоционалдык абалынын медициналык жардамдын сапатына таасир этүүчү фактор катары, жакшыртуунун эффективдүүлүгүн көтөрүүдөгү актуалдуу маселелер» аттуу илимий жумалык башталды.

Илимий жумалыктын алкагында студенттер арасында 30 предметтен олимпиада уюштурулду. Олимпиада 2 этап менен өтүп, жыйынтыгында алдынкы орунду ээлеген студенттер грамоталар менен сыйланышты.

 

Материалды даярдаган: ОшМУнун профкомунун башкы адиси Айжан Айтыкулова