Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Некролог: Шырдаков Анаркул Тойчиевич

2022-жылдын 3-август күнү билим берүүнүн ардагери, билим берүү ишинин мыкты уюштуруучусу Шырдаков Анаркул дүйнөдөн кайтты. Шырдаков Анаркул Тойчиевич 1953-жылы 10-февралда Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Авлетим айылдык округунун Мукур айылында чабандын үй-бүлөсүндө туулган.

1971-жылы азыркы К. Алымкулов атындагы андагы “Коммунизм” орто мектебин бүтөргөн. Ошол эле жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика-математикалык факультетине окууга тапшырып, институтту 1975-жылы бүтүрүп, Жаны-Жол районунун “Коммунизм” орто мектебинде математика мугалими болуп эмгек жолун баштаган.

1977-жылдан ушул мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, 1979-жылы Кербен шаарындагы Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары, 1980-жылы Жаны-Жол райондук элге билим берүү бөлүмүнүн методикалык кабинетинин башчысы болуп дайындалып, 1984-жылга чейин иштеген. 1984-жылы март айынан 1985-жылдын мартына чейин Кыргызстан КП Жаны-Жол райкомунун “Китеп сүйүүчүлөр” коомунун жооптуу катчысы болуп иштеген.

1985-жылдан 1989-жылдын январь айына чейин  Эл депутаттарынын Авлетим айылдык советинин аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген. 1989-1990-жылдары партиянын Жаны-Жол райкомунун саясий-агартуу кабинетинин башчысы, 1990-1991-жылдары “Кызыл-Туу” совхозунун партиялык комитетинин катчысы жана Кыргызстан КП Жаны-Жол райкомунун экинчи катчысы болуп иштеген.

1991-1992-жылдары Тельман атындагы колхоздун төрагасынын орун басары болуп иштеген.

1992-жылдан 1994-жылга чейин Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын инспектору болгон.

1994-1997-жылдары Авлетим айылдык комитетинин, бир эле убакта айкалыштыруу менен “Авлетим” айыл чарба кооперативинин төрагасы болуп эмгектенген.

1997-жылдан 1998-жылга чейин Аксы райондук билим берүү жана маданият  бөлүмүнүн  башчысынын орун басары, 1998-жылдан 2004-жылга чейин Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп кызмат өтөгөн.

2004-жылдан 2005-жылдын 25-июлуна чейин Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими болуп иштеген. 2008-жылдын 14-октябрынан  бери Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык-экономикалык сектор башчысынын милдетин аткарган.

2020-жылдын 16-январынан 2022-жылдын июнь айына чейин Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-усулдук кабинетинин усулчусу, 2022-жылдын июнь айынан бери Улуттар аралык этностор фондунун жетекчиси  болуп иштеген.

Анаркул Тойчиевич жубайы Өктөмкан Жээнбековна менен биргеликте беш кызды жана бир нече неберелерди тарбиялап өстүргөн таята, адамгерчиликтүү мыкты инсан катары белгилүү эле.

Шырдаков Анаркул Тойчиевичтин жаркын элеси, райондук билим берүүгө, коомдун турмушуна сиңирген  эмгеги замандаштарынын  эсинде түбөлүкө сакталат.

 

Райондук  билим берүү бөлүмүнүн аппараты

Профсоюздун райондук комитети

Мектеп жамааттары