Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Некролог: Бредихина Вера Анатольевна

2021-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин эл аралык байланыштар, маалыматтык камсыздоо, жогорку жана атайын орто кесиптик билим берүү окуу жайлары менен иш алып баруу бөлүмүнүн башчысы Бредихина Вера Анатольевна күтүлбөгөн жерден кайтыш болду.

Бредихина Вера Анатольевна 1959-жылы 7-апрелде туулган. 1976-жылы Казак ССРинин Семипалатинск шаарындагы № 39 орто мектепти аяктап, Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарындагы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин география факультетине тапшырып, анда билим алуу менен аны 1981-жылы бүтүрөт.

Ал өзүнүн бардык эмгек жолун республиканын билим берүү тармагына арнады. Вера Анатольевна Фрунзе шаарындагы № 16 орто мектепте, Чүй областынын Кемин районундагы Ак-Түз орто мектебинде мугалим, Фрунзедеги айнек заводунун балдар бакчасынын тарбиячысы болуп иштеген.

Вера Анатольевна Бредихина андан кийин агартуу тармагында жетекчи кызматтарды аткарган. Бишкек шаарындагы № 18 орто мектептин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп дайындалып, 1992-жылы ошол эле мектептин директору кызматына көтөрүлгөн жана бул мектепти дээрлик 14 жыл жетектеген.

2006-жылы ал Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги өткөргөн сынакка катышып, андан ийгиликтүү өтүү менен министрликтин борбордук аппаратынын мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы башкармалыгынын башкы адиси-билимди баалоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Вера Анатольевна 2008-2010-жылдары Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматын аткарган.

Ал 2010-жылдан тартып өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин эл аралык байланыштар, маалыматтык камсыздоо, жогорку жана атайын орто кесиптик билим берүү окуу жайлары менен иш алып баруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Вера Анатольевна бул кызматта иштөө менен тармактык профсоюздун эл аралык байланыштарын чыңдоого, профсоюздук уюмдар арасындагы маалыматтык жактан иш алып барууну жолго коюуга, жогорку жана атайын орто кесиптик окуу жайларынын профкомдору менен иш алып барууга көп эмгек сиңире алган. Ал 2011-2016-жылдары Кыргызстандагы  Эл аралык Эмгек уюмунун - ИПЕК уюмунун балдардын эмгегинин начар түрлөрүн жокко чыгаруу боюнча долбоорун жүзөгө ашыруучу координатору, ошол эле учурда Эл аралык Эмгек уюмунун Кыргызстандагы жаштардын профсоюздук кыймылынын деңгээлин жогорулатуу боюнча долбоорун жүзөгө ашыруучу координатору катары эл аралык тажрыйбаларды колдонууга активдүү катышкан. Вера Анатольевна «Демейдеги эмес билим берүү боюнча мугалимдер үчүн усулдук колдонмого», “Иштеп жаткан балдарды мектептеги билим берүү системасына киргизүү боюнча “Балдар эмгеги жана билим берүү” жетекчилик колдонмого”  авторлош болгон.

Вера Анатольевна адамкерчиликтүү, кең пейил жана боорукер адам эле. Ал эң мыкты кесиптеш, өмүрлүк жар, апа жана чоң эне боло турган.

Анын көптөгөн окуучулары мыкты кесип ээлери болуп чыгышты жана биздин өлкөдө жана чет өлкөлөрдө өз ордуларын таба алышты. Ал орто мектептерде иштеген жылдары көптөгөн окуучулары райондук, шаардык жана республикалык олимпиадаларда жеңүүчүлөрдөн болушкан.

Вера Анатольевна өтө мыкты кызматкер болуучу. Ар дайыма жоопкерчиликтүү иш аткарып, жайдары мүнөзү менен жалпыга жага алган, боорукер адам катары жардамын эч аяган эмес, мындай сапаттары менен ал Борбордук Комитеттин аппаратында гана эмес, тармактык профсоюздун жалпы мүчөлөрү арасында зор кадыр-баркка ээ боло алган.

Өтө оор жоготууну сөз менен айтып жеткирүү оңой эмес. Вера Анатольевнанын жаркын элеси аны билгендердин жүрөктөрүндө дайыма сакталат.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиуму, аппараты, областтык, райондук, шаардык, ЖОЖ жана АКООЖ комитеттери, достору, окуучулары Вера Анатольевнанын кайтыш болгондугуна байланыштуу үй-бүлөсүнө жана тууган-туушкандарына терең кайгыруу менен көңүл айтышат.

3 апреля 2021 года скоропостижно скончалась Бредихина Вера Анатольевна – заведующая отделом по международным связям, информационному обеспечению и работе с высшими и средними профессиональными учебными заведениями Центрального Комитета профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики.

Бредихина Вера Анатольевна родилась 7 апреля 1959 года. После окончания средней школы № 39 г. Семипалатинска в 1976 году, поступила в КНУ им. 50-летия СССР в г.  Фрунзе на географический факультет и в 1981 году окончила университет по специальности преподаватель географии.

Всю свою трудовую деятельность она посвятила образованию Кыргызстана. Вера Анатольевна работала в средней школе №16 г. Фрунзе, в Ак-Тюзской средней школе Кеминского района, воспитателем в детском саду Фрунзенского стекольного завода, в средней школе №18 была заместителем директора по учебно-воспитательной работе, а в 1992 году назначена директором этой же школы.

В 2006 году Вера Анатольевна была приглашена на работу, на конкурсной основе, в Министерство образования и науки Кыргызской Республики главным специалистом управления школьного, дошкольного и внешкольного образования – начальником отдела оценивания в образовании. С 2008 по 2010 годы работала в Управлении образования мэрии г Бишкек в должности заместителя начальника.

С 2010 года по настоящее время работала в аппарате Центрального комитета профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики. С 2011 года по 2016 год являлась координатором реализации проектов МОТ-ИПЕК Кыргызстан по искоренению наихудших форм детского труда, а также -  координатором в реализации проектов МОТ по повышению потенциала молодежного профсоюзного движения в Кыргызстане, была соавтором «Методического пособия для учителей по неформальному образованию», руководства по интеграции работающих детей в систему школьного образования «Детский труд и образование».

Вера Анатольевна была живым примером человечности, доброты, отзывчивости. Она была прекрасной коллегой, женой, матерью, бабушкой.

Многие из ее учеников выросли достойными людьми и заняли свое место в нашем обществе. Среди ее учеников было много призеров и победителей районных, городский и республиканских  олимпиад  школьников.

Вера Анатольевна была сотрудником с большой буквы. Всегда отзывчивая, доброжелательная, жизнерадостная и внимательная – она пользовалась уважением и любовью как в коллективе, так и среди членов отраслевого профсоюза.

Словами не залечить эту рану потери. Но светлая память о ней будет сильнее смерти.

Президиум и аппарат Центрального Комитета профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики, областные, районные и городские комитеты, профкомы ВУЗов и СПУЗов, друзья, ученики глубоко скорбят, в связи с уходом из жизни Веры Анатольевны и выражает глубокое соболезнование родным и близким.