Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Некролог: Арапов Байыш Арапович

Өлкөбүздүн билим берүү жана илим тармагы орду толгус жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, Россиянын табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Арапов Байыш Арапович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Профессор Байыш Арапович 1942-жылы Баткен облусунун Самаркандек айылында туулган. 1964-жылы Ош педагогикалык институтун артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1971-жылы кандидаттык диссертациясын жактаган.

Ош педагогикалык институтунда окутуучу, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы, физика-математика факультетинин деканы, Фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөр институтунун директору, ОшТУнун кечки жана сырттан окуу бөлүмүнүн проректору, ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору болуп иштеген.

2007-2021-жылдары ОшМУнун Эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасынын башчысы болуп эмгектенген.

Илимий изилдөөлөрдүн үстүндөгү эмгегинин натыйжасында 5 монография жана 200дөн ашык илимий макалалардын автору болууга жетишкен.

Илимий изилдөөлөрү көптөгөн эл аралык, республикалык жана аймактык илимий конференцияларда, кеңешмелерде жана симпозиумдарда талкууланып, рецензияланган.

Профессор Б.Арапов жети автордук күбөлүктүн жана алты патенттин автору. Ал “Конденсацияланган материалдардын физикасы” аттуу илимий мектептин негиздөөчүсү.

Б.Арапов 4 илимдин докторун жана 8 илимдин кандидатын даярдап, докторанттарга, аспиранттарга, магистранттарга жана студенттерге илимий квалификациялык  иштерин жетектөөгө кеп-кенештерин берип келген.

Анын түздөн-түз катышуусу жана жетекчилиги менен ОшМУнун базасында КМШ илимпоздорунун катышуусунда конденсацияланган заттардын физикасы боюнча аймактык конференциялар өткөрүлгөн.

Арапов Б. физикадан жана теориялык физикадан практикалык жана лабораториялык сабактарды илимий-методикалык жогорку деңгээлде өткөрүп, көптөгөн окуу иштерин, лекцияларды аткарып келет. Кванттык физика боюнча окуу китебин даярдаган.

Жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого активдүү катышып, илимдин кандидаты илимий даражасын алуу үчүн диссертация коргоо боюнча ОшМУнун адистештирилген диссертациялык кеңешинин мүчөсү болгон. 1994-2015-жылдары мүчө жана “Конденсацияланган заттардын физикасы” адистиги боюнча адистештирилген докторлук кеңештин төрагасы болгон.

Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы,Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери,Баткен облусунун ардактуу атуулу,СССР Орто жана жогорку билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы,«Эмгек ардагери» медалы, “Di Merito” алтын медалы жана ЕБ Европа палатасынын диплому, РАЕ нин илимге жана билимимне эмгек сиңирген ишмери,«Орусиянын көрүнүктүү окумуштуулары» диплому, «Россиянын алтын кафедрасы», Орусиянын көрүнүктүү окумуштуулары»,  А.НОБЕЛЬ атындагы медалы, В.И. Вернадский атындагы күмүш медалы, Vernadsky, «Конденсацияланган материалдар физикасы илимий мектебинин негиздөөчүсү» ардактуу наамы менен сыйланган.

Кыргызстандын илимий чөйрөсү, интеллигенциясы жана  ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы Арапов Байыш Араповичтин жаркын элесин түбөлүккө эсинде сактайт. Маркумдун үй-бүлөсүнө туугандарына, жакындарына терең көңүл айтуу менен аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Профессор Арапов Байыш Араповичти акыркы сапарга узатуу зыйнаты 22-август саат 14:00дө башкы имараттын алдында өтөт.

 

ОшМУнун ректораты, кесиптик бирлик уюму, профессордук-окутуучулук жамааты, студенттер