Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Некролог: Акунжан Баказович Абдрашев

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим тармактары орду толгус оор жоготууга учурады. 2022-жылдын 21-майында мамлекеттик жана коомдук ишмер, ири илимпоз, билим берүү тармагынын залкар уюштуруучусу, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери, Казакстан Республикасынын билим берүү жана илим тармактарынын ардактуу кызматкери, саясий илимдердин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мурдагы статс-катчысы Акунжан Баказович Абдрашев дүйнө салды.

Акунжан Баказович Абдрашев 1955-жылы 18-октябрда  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Абдраимов атындагы айылда жарык дүйнөгө келген.

Ал 1973-жылы Кыргызстандын ордо шаары Бишкектеги Кыргыз Мамлекеттик Университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети) тарых факультетине тапшырган жана 1978-жылы бул факультетти артыкчылык диплому менен аяктаган. Студент кезинде эле коомдук иштерге активдүү катышып, илимий иштерге аралаша баштаган.

Акунжан Баказович Абдрашев эмгек жолун 1978-79-окуу жылында Жалал-Абад шаарындагы № 1 атайын техникалык орто окуу жайында тарых мугалими болуп иштөө менен баштаган,  кийин ал окуу жайынын директорунун орун басары кызматына көтөрүлгөн.

А.Б.Абдрашев партиялык кызматка жогорулап, 1986-88-жылдары Кыргызстан КП Жалал-Абад шаардык комитетинин партиялык кабинетинин башчысы болуп иштеген.

1988-жылы аны Жалал-Абад шаарындагы маданият техникумунун директору кылып дайындашат, бул кызматта дээрлик 6 жыл иштеп, маданият кадрларын окутууда жана тарбиялоодо зор тажрыйбага ээ болгон.

Акунжан Баказович Абдрашев 1994-2000-жылдары Жалал-Абад шаарынын билим берүү бөлүмүн жетектеп, шаардын билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, келечек муунга сапаттуу жана максаттуу билим берүүнүн алдыңкы ыкмаларын кийирүүгө орчундуу салымын кошо алган.

2000-2001-жылдары ал Жалал-Абад шаарынын акиминин орун басары болуп иштеген.

Билим берүү тармагындагы көп жылдык тажрыйбасын эске алуу менен ал 2001-жылы Жалал-Абад облустук билим берүү башкармалыгынын начальниги болуп дайындалып, бул кызматта 4 жыл алгылыктуу иштеп, облустагы билим берүү уюмдарынын ырааттуу иш алып баруусунун башында туруп, тармакты жетик башкара алган жана билим берүү сапатын жогорулатууга, эмгек жамааттарында ынтымактын бекем орношуна жана алдыңкы тажрыйбаларды жайылтууга зор уюштуруучулук жөндөмүн, аракетин жана эмгегин арнаган.

Акунжан Баказович Абдрашев 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы кызматына көтөрүлгөн жана бул абройлуу жана жооптуу кызматта 5 жыл үзүрлүү иштеп, жогорку, атайын кесиптик жана орто билим берүү уюмдарын кадрлар менен камсыз кылууга, республиканын аймактарында жаңы мектептерди жана бала бакчаларды курууга, аракеттенип жаткандарын мыктылап капиталдык оңдоп-түзөө жана аларга кошумча имараттарды куруу аркылуу мектептердин инфратүзүмүн жакшыртууга, жалпы билим берүүчү мектептерде ысык тамакты камсыздоого, санариптик окутууну өнүктүрүүгө жана билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, педагогикалык кадрлардын потенциалын жогорулатууга жана педагогдордун кесиптик жана карьералык өсүүсүнүн натыйжалуу моделин киргизүүгө, студенттерге  кесиптик багыт берүү системасын жакшыртууга бүткүл уюштуруучулук дараметин арнаган.

Акунжан Баказович Абдрашев 2011-жылдын 22-сентябрынан тартып 2017-жылга чейин Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору кызматын аркалап келген. Ал бул окуу жайын жетектеген жылдары университеттин мезгил талабына ылайык адистерди даярдоо мүмкүнчүлүгү бир кыйла артып, профессордук-окутуучулук курамдын илимий потенциалы, окутуунун техникалык каражаттары жана жабдуулары менен камсыз болушу кескин жогорулап, ЖАМУ республикабызда алдыңкы жогорку окуу жайлардын катарына кошулган.

Ал 2017-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасында профессор болуп иштеп келди.

Акунжан Баказович Абдрашев КМШ өлкөлөрүндөгү билим берүү саясатын изилдеген адис катары маалым болгон окумуштуу эле. Анын калемине эки илимий монография, 40тан ашуун илимий макала таандык. Ал саясий илимдердин доктору илимий даражасын ийгиликтүү коргогон. Профессор илимий наамына арзыган. “Кыргыз Тарых Коомунун” мүчөсү катары кыйла эмгек өтөдү.  2012-жылы “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинин Жалал-Абат Форумун уюштурууну жетектеген жана ага жигердүү катышкан.

А.Б.Абдрашев Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин президиумунун мүчөсү болуп көп жылдар шайланып, билим берүү жана илим кызматкерлеринин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, алардын эмгектеринин туура бааланышына, тармакта эс алуу жана ден соолукту чыңдоо маселелеринин өкмөттүк деңгээлде чечилишине, социалдык өнөктөштүктүн жолго коюлушуна активдүү катышып келген. “Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим профсоюзунун мыктысы” төш белгиси менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин эң жогорку “Жылдын Бакайы” Ардак наамына арзыган.

Ал узак жылдар билим берүү жана мамлекеттик жетекчилик кызматтарда арзырлык эмгек өтөгөндүгү үчүн бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга татыктуу болгон. “Ош-3000” медалына ээ болгон. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын мыктысы”, “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы”, “Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы” ардак наамдарына арзыган. Жердештери ага “Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу”, “Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу”  деген зор сыйларды ыйгарышкан. Кыргызстан профсоюздар федерациясынын “Кыргыз Республикасынын профсоюздарынын алдында сиңирген зор эмгеги үчүн” ардак төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу академиясынын Алтын медалы, Бишкек шаардык кеңешинин, Жалал-Абад облустук администрациясынын жана облустук кеңешинин, Жалал-Абад шаардык мэриясынын жана шаардык кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Ал Н.Исанов атындагы Кыргыз курулуш, транспорт жана архитектура университетинин, Чүй университетинин, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун Ардактуу профессору болгон.

Кыргыз Республикасынын ири мамлекеттик жана коомдук ишмери, албан илимпоз, билим берүү тармагынын зор уюштуруучусу, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери, Казакстан Республикасынын билим берүү жана илим тармактарынын ардактуу кызматкери, Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын мүчөсү, мыкты инсан, ишенимдүү жолдош, сүйүктүү ата жана жар, саясат илимдеринин доктору, профессор Акунжан Баказович Абдрашевдин каза болгондугуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, ага-туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана аза кайгыларын тең бөлүшөбүз.

Акунжан Баказович Абдрашевдин жаркын элеси дайыма жүрөктөрүбүздө сакталат.



А.Токтогулов, А.Сарыбаев, Ө.Молдокматов, С.Тойгонбаев, М.Курманкожоев, Э.Бектуров, Б.Тыныбекова, А.Исмаилов, З.Бөтөков, Ф.Батырбаева, К.Алымбаев, А.Адамалиев, А.Султанбаев,
Н.Абикова, Б.Кадыркулов, Э.Кулназарова, Э.Мамбетакунов, Г.Абдрашитова