Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

НАРЫН ОБЛАСТЫНДАГЫ КӨЧМӨ КЕҢЕШМЕ

2024-жылдын 28-июнунда Нарын областында Кыргызстан кесиптик бирлик федерациясынын кезектеги көчмө кеңешмеси болуп өттү. Кеңешмеге Президенттин Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Нарын шаарынын мэриясынын жетекчилиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү, кесиптик бирликтин тармактык областтык, райондук комитеттеринин, баштапкы уюмдарынын төрагалары, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышышты.
Кеңешменин жүрүшүндө Кыргызстан кесиптик бирлик федерациясынын Төрагасы Жумадилде уулу Мурадил эмгекчилердин эмгектик, социалдык-экономикалык укуктарын коргоо жаатында федерацияда жүзөгө ашырылып жаткан иш аракеттер, мерчемделген реформалар, алдыдагы милдеттер жаатында кеңири маалымат берди.
Кеңешменин ишине республиканын Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин төрагасы Султанбаев Абдыкадыр Дарданович да катышты.

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Борбордук комитети