Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Мугалимдердин укуктарын коргоо - башкы максатыбыз

Өткөн окуу жылында билим берүү кызматкерлеринин Кара-Суу райондук кесиптик бирлик комитетинин баштапкы кесиптик уюмдарынын эмгектенип жатышкан мүчөлөрүнүн саны - 8460 кызматкерди түздү.

Баштапкы кесиптик уюмдарынын мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык укуктарын коргоо боюнча белгиленген иш-чаралар райондук билим, илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин райондук билим берүү бөлүмү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен өнөктөшүп иштөөнүн натыйжасында ишке ашырылууда.

Билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык жактан укуктарын коргоо,мыйзамдуулуктун сакталышы жөнүндө Ош облустук профсоюз комитетинин төрагасы С.Тойгонбаевдин катышуусунда  Кара-Суу шаарындагы №66 В.Ленин атындагы орто мектебинин базасында Ош облусу боюнча райондордогу билим берүү бөлүмдөрүнүн борборлоштурулган эсепканаларынын эсепчилери үчүн окуу семинары уюштурулуп, билим берүү кызматкерлеринин айлык акыларынын туура,так эсептелиши,  кош бойлуу учурунда акы төлөө, расымдык сөөк коюу учурундагы жөлөк пулдардын төлөнүшү жөнүндө маселелер боюнча түшүндүрүү иштерижүргүзүдү.

Андан сырткары райондогу Т.Юнусов атындагы орто мектебинде, “Батма эне” мектепке чейинки билим берүү уюмунда  Ош облустук Билим,илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин комитетинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда окуу семинарлары уюштурулуп өткөрүлдү.

Окуу семинарлары ар бир айыл аймактагы таяныч мектептериндеги баштапкы кесиптик уюмдарынын төрага,төрайымдарынын катышуусунда өткөрүлүп, анда  «Мугалимдин статусу», «Билим берүү мыйзамы жөнүндө», кызматкерлерге эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук боюнча жөлөк пулдардын  төлөнүшү жөнүндө бир топ суроолорго жооптор алынды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нуркожоевич Билим берүү тармагын эң  маанилүү  тармактардын бири катары  белгилеп, өзгөчө көңүл бурууда. Өлкөнүн келечектеги өнүгүүсү билим берүүнүн сапаты менен түздөн-түз байланышта экендигин сезүү менен биздин билим берүү кызматкерлери да жоопкерчилик менен татыктуу иш алып барууга аракет жасоодобуз.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы «Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» №181 токтому менен билим берүү кызматкерлеринин айлык маяналары жогорулагандыгы билим берүү кызматкерлеринин чыгармачылык менен иштөөсүнө өбөлгө түздү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө» 2022-жылдын 12-июлундагы №224 Жарлыгына ылайык директорлук кызматта 5 жылдан ашуун убакыттан бери эмгектенип  жатышкан  директорлордун корпусу жаңылануу жолуна түштү.

Биздин райондогу 56 мектептин директору кызмат орундарынан бошотулуп, Улуттук тестирлөө борбору тарабынан өткөрүлгөн сынакка 113 талапкер катышты.

Билим берүү тармагында эмгектенип жатышкан кызматкерлерибизге  иштөө үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү менен биргеликте алардын ден соолугун чыңдоо үчүн эс алууларына, үй-бүлөсүнө материалдык жана моралдык колдоолорду көргөзүүдө өзгөчө көңүл бурулууда.

Үй-бүлөлүк турмуш шартына, ден соолугуна байланыштуу байланыштуу  268 кызматкерге  1млн 72 миң сом өлчөмүндө  материалдык жардамдар  көрсөтүлүп, жайкы эмгек өргүү учурунда Ысык-Көлдөгү санатория-пансионаттарга жол акыларын төлөө жана ФОТтон берилген акысыз жолдомо аркылуу жалпы  832  (ФОТтон  “Ала-Тоо” пансионатына-27, “Ысык-Ата” пансионатына - 1,“Көгүлтүр Ысык-Көл”санаториясына - 23,Жалал-Абад санаториясына - 13) жана 50 пайыздык төлөм менен “Мамакеев”, “Барчын”, “Жалал-Абад” профилактория-санаторияларга 761 кызматкер жиберилди.

Кыргыз Республикасынын Билим,илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин каржылоосунда Тоң районундагы «Кызыл  гвоздика» пансионатына 22 кызматкер акысыз барып эс алып кайтышты.

Жайкы каникул учурунда социалдык жактан колдоого муктаж болгон 124 окуучу Ноокат районундагы А.Чынгараев атындагы балдардын эс алуу жайына эс алуу үчүн жиберилди.

Профсоюз уюму - ар дайым өз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык укуктарын коргоо багытында үзүрлүү иштейт деген ишеничтемин.

 

Кара-Суу райондук "Эмгек майданы" газетасы, 2022-жылдын 25-августу №17