Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Куттуктоолор уланууда!

Өлкөбүздөгү санитардык-эпидемиологиялык талаптарга байланыштуу маданий массалык иш чараларды уюштуруп өткөрүүгө чектөөлөр киргизилгендиктен ЖАМУнун бардык структуралык бөлүмдөрүндө март айындагымамлекеттик жана Бүткүл дүйнөлүк маанидеги даталуу күндөргө, майрамдарга карата куттуктоолордун аягы үзүлбөй, уланып келүүдө.

 

Мамлекеттик символдорубуздун көч башы болгон “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнү”- “Табигый-техникалык” факультетибизде белгиленип, иш чара мамлекеттүүлүктүн маани-маңызын даңазалады.

 

Улуттук эн белги катары баркталган, сыймыгыбыз болгон “Ак калпак күнү”- Химия кафедрасынын студенттери менен ZOOM платформасы аркылуу уюштурулган куратордук сабагында

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин стуленттеринин “Ак калпакты алтын башка теңеген” - деп атаган кереге сабагында жана медициналык колледждин студенттери менен тарых илимдеринин кандидаты Г.Анарбаеванын өткөн сабагында ак калпактын жасалышы,ага салынган оймолордун, кыйуулардын, берилген түстөрдүн мааниси, өзүнүн улуттук эн белги, бой тумар сыңары ыйык тутулушу тууралуу баалуу маалыматтар  руханий жан дүйнөбүздү байытты. “Аялдардын Эл аралык тилектештигинин күнү”- 8-март майрамына карата ЖАМУнун “Маданий-эстетикалык борборунун кызматкерлери тарабынан даярдалган видео-куттуктоосу жана “Медициналык колледждин” директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары Г.Темирбаеванын, баштапкы профсоюз уюмунун жетекчиси Г.Алимбаеванын жана кураторлордун уюштуруусу менен биринчи курстардын студенттеринин арасында өткөрүлгөн “Асыл зат айымдар” сынагы көңүл кушун көкөлөтүп, майрамдык маанай тартуулады!

 

 

Даярдаган: ЖАМУнун профкомунун кызматкери Нуржан Баитова