Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

"Кош жылдыз" сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

2015-жылдын 19-мартында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профсоюздук комитети жана маданий-эстетикалык борбору тарабынан уюштурулган «Кош жылдыз» маданий-чыгармачыл сынагынын финалы болуп өттү.

Сааттын жебеси кечки алтыга жакындаган сайын гала-концертке келген адамдардын саны көбөйүп отуруп, саат алтыда Улуттук филармониянын алды элге жык толду. Эшиктер ачылып, залга кире баштаган учур өткөн кылымдын 70-80-жылдарында көрөрмандардын индия кинолоруна кирген кезин элестетип кетти.


Концерт кымча бел кыздардын аткаруусундагы кыргыз бийи менен ачылып, алып баруучулар Айзада менен Нурсултан көрөрмандарды сынактын калыстар тобу менен тааныштырышты. Калыстар тобу 7 адамдан туруп, анын курамына төмөндөгү инсандар киришти:

  • Токтогулов Асылбек Токтогулович - Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун торагасы (калыстар тобунун төрагасы)
  • Молдогазиев Турганбек Молдогазиевич - маданият жана музыка таануучу
  • Муратова Жамиля - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти
  • Бапанов Таалайбек Дүйшөнбекович - "Миң түркүн" соода борборунун генералдык директору
  • Жумалиев Шаршенбек Жумалиевич - "Эмгек" партиясынын өкүлү
  • Сарымсаков Анарбек Жуманазарович - "Замандаш" партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты
  • Айдарканова Гүлсара Сейлакматовна - маданияттын мыкты кызматкери, хореограф. 

«Кош жылдыз» маданий-чыгармачыл сынагынын финалына Улуттук университеттин төмөндөгү кызматкерлери дует түзүшүп, кыргыздын белгилүү ырларын ырдап чыгышты:

1. Сыймык Токобаев (Тарых жана чөлкөм таануу факультети)

    Элизат Турсунова (Тарых жана чөлкөм таануу факультети)

"Ойлончу"

2. Адилет Жолдошбеков (Кыргыз-Кытай институту)

   Жылдыз Кубанычбекова (Кыргыз-Кытай институту)

"Тунук махабат"

3. Туйгунбек Касымалиев (Юридикалык колледж)

    Бегай Сатыбалдиева (Юридикалык колледж)

"Гүлдөй жан"

4. Каныбек Турукманов (Социалдык жана гуманитардык илимдер факультети)

    Токтокан Курамаева (Маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар факультети)

"Кызыл өрүк"

5. Мирлан Алыбаев (Журналистика факультети)

   Жанара Токтобаева (Тарых жана чөлкөм таануу факультети)

"Арзуу"

6. Бакыт Дуйшеев (Окуу башкармалыгы)

  Ырысайым Ныязбекова (Үзгүлтүксүз билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу борбору)

"Уча бер үмүтүмдүн каркырасы"

7. Марклен Табалдиев (Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту)

    Айжамал Изабекова (Биология факультети)

"Кыргызстаным"

8. Эсенгул Сооронбаев (Юридикалык колледж)

    Рахат Султанова (Ректорат)

"Алтын балалык"

9. Нурбек Намазбеков (Чарба башкармалыгы)

    Индира Аскалиева (Гуманитардык лицей)

"Бизге жашоо жылмайды"

10. Нурмат Турдумамбетов (Үзгүлтүксүз билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу борбору)

      Деркимбаева Светлана (Химия факультети)

"Дил кайрык"

11. Калдыбай Салейдинов (Экономика жана финансы институту)

   Сиренгул Курманбекова (Үзгүлтүксүз билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу борбору)

"Фрунзенин кечтери"

12. Анарбек Кожомкулов (Спорт жана ден соолук борбору)

     Венера Тойчубекова (Илимий китепкана)

"Ай жарык"

13. Азамат Айдаров (Социалдык жана гуманитардык илимдер факультети)

     Замира Кеңешова (Чарба башкармалыгы)

"Кош жылдыз"

14. Айбек Түмөнбаев (Журналистика факультети)

    Эльмира Усенова (Даярдоо бөлүмү)

"Жоогазын ыры"

15. Кубанычбек Жумабеков (Эл аралык билим берүү програмаларын интеграциялоо институту)

   Гулмира Осмоналиева (Эл аралык билим берүү програмаларын интеграциялоо институту)

"Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар"

16. Кенжегул Усупбай уулу (Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту)

    Бурмаш Бекишова (Экономика колледжи)

"Сага жетпей"

17. Марлен Төлөгөнөв (Экономика жана финансы институту)

     Лира Борончиева (Экономика жана финансы институту)

"Талым кыз менен Көбөктүн айтышы"

Эки саатка созулган ыр таймаш аяктаган соң, калыстар тобу өз чечимин чыгарып, сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды.

 

Гран при:

Марклен Табалдиев (Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту)

Айжамал Изабекова (Биология факультети).

"Кыргызстаным" деген ырды аткарып, Гран прини жеңип алган бул дуетке 20 миң сом акчалай сыйлык жана Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Ала Тоо" эс алуу үйүнө 12 күндүк жолдомо берилди.

1-орун:

Нурмат Турдумамбетов (Үзгүлтүксүз билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу борбору)

Светлана Деркимбаева (Химия факультети).

"Дил кайрыкты" ар бир угармандын дилине жеткире аткарып, 1-орунга татыктуу болгон бул дуетке 15 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды.

2-орун:

Сыймык Токобаев (Тарых жана чөлкөм таануу факультети)

Элизат Турсунова (Тарых жана чөлкөм таануу факультети).

"Ойлончу" деген ыры менен ар бир көрөрманды ойлондуруп, 2-орунга жетишкен бул дуетке 10 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.

3-орун:

Марлен Төлөгөнөв (Экономика жана финансы институту)

Лира Борончиева (Экономика жана финансы институту).

"Талым кыз менен Көбөктүн айтышы" менен ар бир көрөрманды толкундантып, 3-орунду ээлеген бул дуетке 6 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды.

Байгелүү орундарга жетишпей калган сынактын катышуучуларына 1000 сомдон акчалай сыйлык жана "Ала Тоо" эс алуу үйүнө 3 күндүк жолдомолор тапшырылды.

Чыгармачыл сынактын демөөрчүлөрү:

  • Кыргызстан профсоюздар федерациясы.
  • "Эмгек" партиясы
  • "Замандаш" партиясы
  • "Миң түркүн" соода борбору

 

www.university.kg   сайтына кирип сынакта ырларды угунуздар