Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

И.Арабаев ат. КМУнун профсоюз комитети конференция өткөрдү

  25-ноябрда И.Арабаев ат.КМУнун профсоюз уюмунун  33-отчёттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү. Конференцияга билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик кошунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т. Токтогулов, Университеттин ректору Т.Абдырахманов катышышты. Конференцияга 68 делегат болуп шайланган 68 делегаттын 60ы катышты.

Күн тартибинде 5 маселе коюлган:

 1.     И. Арабаев  атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профсоюз комитетинин 2011-2016-жылдардын аралыгындагы иштери тууралуу отчету. Доклад кылуучу: Бектуров Э.Ш.

2.     Профсоюз  комитетинин ревизиялык  (текшерүүчү) комиссиясынын  2011-2016-жылдардын аралыгындагы  иштери тууралуу отчету. Доклад кылуучу: Юбурова С.М. 

3.     Профсоюз комитетинин мүчөлөрүнүн жаңы курамын бекитүү. 

4.     Профсоюз комитетинин төрагасын шайлоо.

5.     Ар түрдүү маселелер 


Конференция күн тартибиндеги маселелер боюнча :

1.  И.Арабаев ат.КМУнун профсоюз уюмунун 2011-2016 жж. жүргүзгөн ишин канатандыраарлык деп тапты.

2.Текшерүү комиссиясынын докладын бекитти.

3.Конференцияда жасалган отчёттук доклад боюнча сунушталган токтомунун долбоорун негизинен кошумчалар менен кабыл алды.

4. 25 адамдан турган профсоюз комитетинин курамын жана 3 адамдан турган текшерүү комиссиясынын курамын бир добуштан бекитти.

5.Профсоюз комитетинин төрагасы болуп Э.Ш.Бектуров бир добуштан шайланды.

6. Ар түрдүү маселелер боюнча, Профсоюз Борбордук Комитетинин сыйлыктары тапшырылды. Чоров  Маматкан Жетимишевич- Химия, Биология факультетинин деканы, Тилекеев Кеңеш  Муктарович –  Педагогика факультетини деканынын орун басары,  Оңолбаев Мелис Бекболович КМУнун проректору, Токсомбаева Эркинбюбю Турганбековна-  Көркөм маданият жана билим берүү факультетинин деканы-Профсоюз кыймылынын отличниги төш белгиси менен профкомдун мүчөлөрү   Жусупов Дүйшөгүл Исмаилович,   Нооганова Елена, Ибрагимова Назгул  Эстебесовна,-  Борбордук Комитеттин Ардак грамоталары менен сыйланышты.