Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

“Ден соолук-2021” спартакиадасы жыйынтыкталды

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде бир жумага созулган “Ден соолук-2021” спартакиадасы өзгөчө шаңдүу өттү. Спартакиада спорттун алты түрүн камтып, командалар эки топко бөлүндү. Биринчи топко жогорку кесиптик билим берүүчү беш факультеттин структуралык түзүмдөрүнүн кызматкерлеринен, административдик башкаруу жана кенже көмөк көрсөтүүчү кызматкерледен түзүлгөн  жети команда кирди. Ал эми экинчи топту орто кесиптик билим берүүчү колледждердин кызматкерлеринен куралган жети команда түзүлдү. Ошондо жалпысынан он төрт команданын оюнчулары, калыстар тобу болуп үч жүздөн ашык катышуучуларга жалпы жамаат күйөрман болду.

 

Биринчи топтун оюндары ЖАМУнун башкы корпусундагы спорттук залда, ЧЖЗда жана футбол ойнолуучу жабык аянтчада, экинчи топтун оюндары “Медицина” факультетинин  корпусунда ыңгайлуу шарттарда өткөрүлдү. Катышуучу командалардын командалык спорттук формалары спартакиадага өзүнчө көрк берген өзгөчөлүк болду.

 

ЖАМУнун администрациясы, профсоюздук комитети жана тармактык профсоюздун Жалал-Абад облустук комитетинин үч тараптан биргелешип, макулдашуу менен спартакиаданы уюштуруп өткөрүүнү, байге фондун  түзүп,  каржылап берүүсү, катышуучулардын ыраазычылыгын камсыз кылуу менен профсоюздук ишмердүүлүк иш берүүчү менен тил табыша билүү аркылуу гана жогорку деңгээлге көтөрүлүүсүнүн бирден бир мүмкүнчүлүгүн камсыз кылаарынын далили болуп калды.

 

Анткени “Ден соолук-2021” спартакиадасынын жабылуу салтанатында ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор К.Ж.Усенов менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы А.А.Исмаилов жана университеттин профкомунун төрайымы М.Ш.Маткаримовалар үчөө тең катышып, башкы калыстын билдирүүсү менен байгелер ачык айтылып, ойнотулган ар бир спорттук оюндун түрү боюнча жеке мыкты оюнчулар, жеке командылык топтор, аксакал оюнчулар, командаларды уюштуруп, активдүү катыштырууга жетишкен декандар жана туура калыстык милдетин аткарган мыкты калыстардан бери белгиленип, каржылык сыйлыктар, атайын дипломдор менен сыйланышты. Айрыкча тармактык профсоюздун Жалал-Абад облустук комитетинин  төрагасынын келип катышуусу ЖАМУнун профсоюздук уюмунун прфсоюздук кыймылда өзүнүн татыктуу орду бар экендигин агийнелеп койду жана профсоюз мүчөлөрүнүн ишенимин арттырды.

 

Ошентип спарткиаданын эң күттүргөн, кызктуу жана маанилүү учуру – жеңүүчүлөр аталып, баш байгелерди тапшыруу да, чечимдин туура чыгарылгапдыгын далилдеп, кол чабуулардын коштоосунда болду. Орто кесиптик билим берүүчү колледждердин арасында ЖАМУнун алдындагы “Жалал-Абад” колледжи биринчи орунду жеңип алышты. Биринчи топто жеңүүчү команда болуп, катуу таймашуулардын, команданын активдүүлүгү жана биримдигинин күчү менен административдик башкаруу кызматкерлеринин командасы  аталды. Ал эми кийинки орундардын бөлүштүрүлүшүн, калыстар тобунун таблосунан көрө алабыз.

Спорт – биримдиктин, ынтымактын жарчысы, ден соолуктун соолубас булагы!

 

Материалды даярдаган: ЖАМУнун профкомунун кызматкери Н.Баитова