Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

БИЛИМ КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!

Урматтуу мектепке чейинки балдарга билим берүү уюмдарынын, балдар бакчаларынын, мектептердин, лицейлердин, колледждердин, институттардын, академиялардын, университеттердин тарбиячылары, мугалимдери жана окутуучулары!

Ардактуу биздин окуучуларыбыз жана ата-энелер!

Бүгүн  бардыгыбыз үчүн кереметтүү күн - билим берүү жылынын башталышы. Мындай эсте калаарлык күн менен Сиздерди тармактык профсоюздун Борбордук Комитетинин жетекчиси жана билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын мүчөсү катары кызуу куттуктап, улуу муундагыларга – иштерине, ал эми келечек муунубузга – окууларына терең  ийгилик каалап кетээр элем.

Баарыңыздар үчүн эң ардактуу эс алуу каникул күндөр да артта калды. 9 ай бою тынбай эмгектенген мугалимдерибиз, окутуучуларыбыз жана тарбиячыларыбыз жайдын жаркын күндөрүндө ден-соолугуңуздарды чыңдап, көңүлүңүздөрдү сергитип,  ал эми уул-кыздарыбыз бал татыган балалыкта эсте калаар күндөрдү мыкты эс алуу менен өткөрдүңүздөр деп ойлойм. Биздин Борбордук Комитет жана анын жер-жерлердеги органдары Сиздердин жайкы эс алууңуздар көңүлдүү жана жагымдуу өтүүсү үчүн колдон келген уюштуруу жана аткаруу иштерин жүргүздүк, профсоюз мүчөлөрүбүз Ысык-Көлдө жана республиканын көрктүү жерлеринде эс алышты, алардын балдарынын тиешелүү шарттарда эс алууларына да абдан көңүл бурулду.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди 2022-2023-жылдардагы жаңы окуу жылыңыздардын башталышы менен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктаймын! Биздин ардактуу мугалимдерибизге, окутуучуларыбызга жана тарбиячыларыбызга иштеген иштерине албан ийгиликтерди каалап кетем. Ал эми биздин келечек муундарыбызга кайрылаарым:  алган билимиңер терең болсун, алдыга койгон максатыңар ишке ашсын, бактылуу балалык, жаркын жаштык жалындай жанып, чоктой күйүп турсун. Окууда болгон  тоскоолдуктарды жеңип, билимиңердин ийгилиги менен мугалимдерди, ата-энелерди,  мектебиңерди кубандырып турушуңарга мен тилектештигимди билдирем.

Майрамыңыздар менен!

 

Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов