Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Башкы майрамыбыз кут болсун!

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди биздин өлкөбүздүн эң башкы майрамы - Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Бул күн – ар бир кыргызстандык үчүн эң маанилүү майрам. Дал ушул улуу күн биздин ата мекенибиздин эркиндигинин жана туруктуулугунун символу болуп эсептелет.

Мындан 31 жыл мурун, 1991-жылдын 31-августунда биздин өлкөбүздүн тарыхында жаңы барак ачылган – Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгы жана эгемендүүлүгү жөнүндө декларацияга кол коюлган, башкача айтканда, өлкө өнүгүү жолундагы өз тарыхый тандоосун жасаган. Андан кийин кыргыз мамлекетинин негизги атрибуттары – Мамлекеттик туу, Мамлекеттик герб, Мамлекеттик гимн кабыл алынган. Тарыхыбыздын жаңы барагы ошентип ачылган.

Өткөн 31 жыл оңой-олтоң болгон жок. Бул мезгил ичинде өлкөбүз кандай багыт менен өнүгөт деген жаатта көп изденүүлөр, тажрыйбалар, алга карай жылыштар болду, көп катачылыктар кетти,  ар кандай оор сыноолорго кабылдык. 31 жыл ичинде өлкөдө 3 ирет элдик толкундоолор менен коштолгон бийлик алмашуулар болуп, алардын баары республикада бир катар ички саясий кризистик окуяларга, анын ичинде трагедияларга алып келип, өлкөнүн өнүгүшүнө ар түрдүү деңгээлде таасирин тийгизди. Ошентсе да эң башкысы көп улуттуу Кыргызстанда  коомдук-саясий туруктуулук, улуттар аралык ынтымак, биримдик жана толеранттуулук сакталып калгандыгы баарынан жогору турат.

Мына ушул эгемендик берген улуу эркиндикти билим берүү жана илим тармактарынын бардык кызматкерлери туу катары бийик көтөрөбүз. Биз, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзу, эгемендик берген жылдарда бардык кесиптештерибиздин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча дайыма ырааттуу жана алгылыктуу аракеттер менен иш алып барууну колго алып келатабыз. Өлкөнүн өз алдынча өнүгүү жылдарында биздин Борбордук Комитет жана анын жер-жерлердеги органдары  алдыбызга койгон милдеттерди жана негизги багыттарды: профсоюз мүчөлөрүбүздүн татыктуу эмгек менен камсыз болууларына, кылган кызматтарына жараша мезгил талабынан калышпаган эмгек акыларды алууларына жетишүү үчүн күрөшүүнү, кызматкерлерибиздин эмгек жана тиричилик шарттарын жакшыртууга, тармактык профсоюзубуздун маалыматтык камсыздалышын өркүндөтүүгө, жаштар саясатын кеңири жайылтууга, мүчөлүк уюмдардын уюштуруу-финансылык биримдигин бекемдөөгө, эл аралык профсоюздук кыймылга кошулууну тереңдетүүгө  багытталган иштерибизди жүргүзүп келүүдөбүз жана аларды мындан ары да уланта бермекчибиз.

Урматтуу мекендештер!

Дагы бир жолу сиздерди улуу элибиздин эң башкы майрамы- Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктоо менен сиздерге узун өмүр, бекем ден соолук жана бардык жакшылыктарды каалаймын!

 

Сиздерди терең урматтап,

Асылбек ТОКТОГУЛОВ,

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин

профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы