Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

Англис тили жумалыгы

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин №73/1 буйругунун негизинде №1 гимназия-жатак интернатында 2021-жылдын 8-февралынан 13-февралына чейин “Англис тили жумалыгы” болуп өттү. Жумалыктын алкагында  5-11-класстардын окуучуларынын  арасында ар түрдүү конкурстар, ачык сабактар  ийгиликтүү өткөрүлдү.

№1 гимназия-жатак интернатынын 5-6-класстарынын окуучуларынын арасында “Мен жактырган нерсе” атталышындагы  сүрөттөп берүү сынагы, “Мен англис тилин жакшы көрөм” дубал газеталар сынагы, 7-8-класстарынын окуучуларынын арасында  “ Англис тили – дүйнө тили” дубал газета жана аны чечмелеп берүү сынагы, 6-класстарынын окуучуларынын арасында “Экология”  темасында  дубал газета жана аны чечмелөө сынагы,  9-10-11-класстарынын окуучуларынын арасында “Англис тили менин келечектеги жашоомдо” деген темада 150-200 сөздөн турган эссе жазуу сынагы,  9-10-11-класстарынын окуучуларынын арасында 4 түрдүү темада англисче сүйлөө сынагы жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Ошондой эле англис тилин мектеп учурунда жакшы үйрөнүп, кийинки турмушунда  көп ийгиликтерге жеткен №1 гимназия-жатак интернатынын бүтүрүүчүлөрүнөн мотивациялык видео кайрылуулар бүгүнкү окуучуларыбызга жеткирилди.

Жумалыктын жыйынтыгында активдүү катышкан окуучуларга №1 гимназия-жатак интернатынын администрациясы тарабынан Ардак грамоталар, белектер уюштурулду жана англис тили мугалимдерине ыраазычылык билдирилди.

 

 

Даярдаган Марина Сагалиева