Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Маалыматтык бюллетень

60 жаш кутман курагыӊыз кут болсун!

 

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын Кеӊешинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т.Токтогуловго

Урматтуу АСЫЛБЕК ТОКТОГУЛОВИЧ!

Эгемен өлкөбүздүн билим берүү, илим жана профсоюз коомчулугу Сизди көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, ири масштабдагы жетекчи жана уюштуруучу, дүйнөлүк профсоюз кыймылынын азыркы учурдагы лидерлеринин бири, таасын илимпоз жана окумуштуу, белгилүү инсан жана чебер устат,  акылман адам  жана нагыз тарбыячы, ардактуу ата жана татыктуу үй-бүлө башчысы катары жакшы таанышат жана бул күндөрү  Сиздин туулган күнүӊүздүн 60 жылдык мааракесин зор салтанат менен белгилеп жатышат.

Биз, Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин аппаратынын кызматкерлери, Сизди жарык дүйнөгө жар салып келген жаркын өмүрүӊүздүн туу чокусундагы эӊ кубанычтуу жана даӊазалуу окуясы болуп саналган 60 жаш торколуу тоюӊуз менен чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз! 

Сиз, урматтуу Асылбек Токтогулович, ардактуу атаӊыз Боромбай уулу Токтогулдан жана асыл апаӊыз Шаршен кызы Гүкүдөн мүрөктөй таза сезим, булактай тунук мээрим, тукум улаган түгөнгүс колдоо, панардай жанган туура көз караш, адамзатына жана туулган жерге болгон тереӊ сүйүү, татыктуу тарбыя алгандан улам турмуштун даӊгыр жолунда көп жакшы адамдарга жолугуп, ырыс чачкан ынтымактуу жамааттарда мээнет бөлүшүп, 37 жылдан бери маӊдай тер төккөн эмгек жолуӊузда жөнөкөй мугалимдиктен тартып республикабыздагы ири коомдук уюмдун башчысына чейинки эӊ мыкты кызматтарды абийирдүү жана татыктуу аткарып келе жатасыз.

Биз, Борбордук Комитеттин аппаратынын кызматкерлери, Сиздин жогорку адамдык паразатыӊызды, таразадай так мамилеӊизди, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон колдооӊузду, ата-энедей кайталангыс камкордугуӊузду, кызматта аткара турган иштерди чебер үйрөтүүӊүздү, бийикке чыкканыбызда шатыдан тайыбай, башка оорчулук түшкөндө мөӊкүрөбөй турмуштун агымына туруштук берүүгө жетелеп келаткандыгыӊызды абдан жогору баалайбыз. 

Ушундай улуу күнү, урматтуу Асылбек Токтогулович, Сизге темирдей бекем ден соолук, узун өмүр, уулдан урмат, кыздан кызмат, неберелерден ажайып күлкү, кызматыӊызга үзүлбөгөн, эгиздеген, энчиленген ийгиликтерди, профсоюздук бекем биримдикти каалайбыз! Бар болуӊуз, бай болуӊуз, бирге болуӊуз!

 

 

Кыргыз Республикасынын билим жана илим

 кызматкерлеринин профсоюзунун

 Борбордук Комитетинин

аппаратынын кызматкерлери

 

2014-жылдын 28-марты

Уважаемый  Асылбек  Токтогулович!

  Мы искренне поздравляем  Вас с юбилеем!

   Вы всегда восхищаете всех своим оптимизмом, упорством, умением преодолевать трудности и добиваться желанного результата! И, при этом, вы всегда были и остаетесь открытым, доброжелательным, отзывчивым человеком, к которому всегда тянутся люди.

  Вы находите общий язык с родными, близкими и подчиненными, независимо от их возраста и положения. Вы молоды сердцем и душой, и это - прекрасно! Продолжайте дарить нам радость общения с Вами, не дайте нам упустить ни единой возможности получать от Вас мудрые советы и ценные указания, омывайте нас щедрым потоком Ваших опыта и знаний.

 В Ваше 60-летие мы хотим пожелать безудержного желания ценить каждое счастливое мгновение, которое преподносит Вам жизнь! Пускай такие мгновения продлятся на всю жизнь и будут Вас всегда радовать!

Желаем  Вам самого крепкого в мире здоровья! Пусть никакие преграды не встанут на пути, ведь еще так много необходимо сделать! Пусть каждый миг в жизни несет в себе только счастье, только искренний душевный смех и удачу!

 Желаем  такого счастья, которое бы захватило Вас и никогда не отпускало! Поздравляем с Вашим юбилеем!  Счастья Вам и сердечного тепла!

 

Аппарат  Центрального комитета профсоюза работников образования и науки КР.