Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

"Позиция профсоюза" газетасы

МУГАЛИМ - УЧКАНГА КАНАТ, УККАНГА САНАТ.

Мугалим... кандай гана ардактуу сөз. Мугалим кылымдардан бери келе жаткан эскирбеген кесип. Анын педагогикалык акыл топтому, алысты көрө билгендиги, изденгичтиги жана жаш баладай жумшак баёоо көңүлүн, бүткүл чыгармачылык кудуретин келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы менен кадырлоого ээ болгон инсан.

Баарыбыздын башат-тамырыбыз, асыл ой-тилектерибиз, жетишкен ийгиликтерибиз биринчи кезекте мектеп менен байланыштуу. Элибиздин рухий байлыгы мектеп аркылуу калыпка салынаары белгилүү. Андыктан адамдардын жан-дилине илим-билим үрөөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн мугалимге кандай алкыш айтсак да жарашат.

Ар бир замандын өзүнө жараша мугалими болот. Бул сөз асыресе азыркы мезгил үчүн айрыкча мааниге ээ. Анткени бүгүн мектеп да түп тамырынан кайра түзүлүү тагдырына туш келип, заманбап окутуунун методикаларынан артта калбай, өз өнүгүүсүнүн кыйла кыйын кезегин баштан кечирип жаткан кези десек ашык болбос.

Ошондуктан педагогтун азыркы учурда аткарчу милдети бир жагынан өтө ардактуу болсо, экинчи жагынан ошончолук жооптуу. Себеби билим берүү, таалим-тарбия жана агартуу тармагын өркүндөтүү ишинде мугалимге өзгөчө милдет тагылган. Республикада жүрүп жаткан ар кандай реформаларга аралашып, аны алдыга жылдыруучу жаңы күчтөр дал ушул мектептер аркылуу даярдалып, улуттар аралык ынтымакка, адамдар ортосундагы өз ара жылуу мамилеге жана жалпы журт ичиндеги бейпилчиликке бекем данакер.

5-октябрь эл аралык мугалимдер күнү майрамына карата Сүлүктү шаарынын маданият сарайында салтанаттуу иш чара болуп өттү. Салтанатка ардактуу эс алуудагы мугалимдер, билим берүү мекемелеринин педагогикалык кызматкерлери жана шаардын мэри Р.Э.Абдыназаров баштаган мекеме уюмдар жетекчилери чакырылды. 

            Cалтанаттуу аземди шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Ж.Исманов ачып, мугалимдерди жана ардактуу эс алуудагы устаттарды кесиптик майрамы менен куттуктады.

ШБББнүн жетишкендиктери жана келечектеги пландарына токтолуп, билим сапатына салым кошуп келе жаткан алдыңкы мугалимдерди жана өздөрүнүн насааттары менен бай тажрыйбаларын бөлүшүп келген ардактуу эс алуудагы педагогикалык эмгектин ардагерлерине таазим этип, сыймыктануу менен бир катар устаттарды атап кетти.

Шаардын мэри КРнын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, “Ардактуу шахтер”, “Энергетик каарманы” төш белгилери жана “Даңк” медалынын ээси Р.Э.Абдыназаров ардактуу кесип ээлерин куттуктап, алдыңкы мугалимдерге бир катар сыйлыктарды тапшырды. 

Шаардык кеңештин төрагасы Т.К.Азимзбеков өз сөзүндө келечек ээлери болгон жаш муундарды тарбялап, сапатту билим берип жаткан мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, аларды күжүрмөн эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы К.С.Кудаяров куттуктоо сөзүндөБорбордук комитеттин төрагасы Асылбек Токтогуловдун жана областтык комитеттин төрагасы Завиридин Бөтөковдун куттуктоолорун билдирип, мугалимдердин ар тараптуу колдоо, коргоо жана дем берүү максатында аткарылып жаткан иштерге токтолуп, жергиликтүү бийлик менен келишимдердин аткарылып жаткандыгын белгилеп кетти.

Билим берүүгө, тарбиялоо жана коомдук иштердеги, кесиптик бирликтин кыймылына чоң салым кошкон кесиптик бирликтин мүчөлөрүнө "Профсоюз кыймылынын отличниги" төш белгилерин тапшыруу менен, кесиптик бирлик, биримдиктин жана ынтымактын жарчысы экендигин баса белгиледи.

Ата-энелер комитети, шаардын жетекчилери жана лидер окуучулар да куттуктоо сөздөрүн айтышып салтанаттуу иш чара өз максатына жетти.
Иш чаранын алдынан балдар чыгармачылык борборунун таланттары концерттик номерлерди тартуу кылышты.

Мугалим - ай ааламга кетсин даңкың,

Алтын менен жазгым келет сенин атың!


Ардактуу кесип ээлери болгон мугалимдер, майрамыңыздар менен! Бар болуңуздар!…

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитети