Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

"Позиция профсоюза" газетасы

Мугалим – Кесиптердин улуусу! Урматтуу кесиптештер! Ардактуу мугалим ардагерлер!

Кеситпердин улуусу болгон ары түйшүктүү ары жоопкерчиликтүү болгонуна карабай МУГАЛИМ – бул эң ардактуу кесип.

Сиздерди мугалимдердин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктаймын!

Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, чыдамкайлык жана сабырдуулук каалайм. Түйшүктүү жана сыймыктуу ишиңиздерде  ийгиликтер жарала беришине тилектештигимди билдиремин.

Биз окуучуларыбызды зор үмүт менен тарбиялап окутабыз. Мектептерде окуган окуучуларыбыз Мекенибиздин, Кыргызстаныбыздын керегине жараган мыкты адам болсо экен деп ойлонобуз. Ошол үмүттөрүбүз ишке ашсын. Ылайым биздин окуучуларыбызды ийгиликтер жандап, жакшылыктар коштоп жүрсүн!

Ардагер мугалимдерибизди улгайгандар күнү майрамы менен кошо куттуктаймын. Бактылуу карылыктын доорун татыктуу сүрө бериңиздер. Жараткан сиздерге узак өмүр берсин!

 

               

Билим жана илим  кызматкерлеринин

 кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык

комитетинин төрагасы                                                              К.С.Кудаяров