Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ден соолукту чыңдоо

Ысык-Көлдө эс алуу

Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ала-Тоо, Золотой пески жана Нептун эс алуу жайларында мугалимдер, бала бакча тарбиячылары жана билим берүү кызматкерлери эс алып келишти. Эс алуу жайларында  билим берүү кызматкерлери тамак-аш, жатакана менен камсыз болушуп, эс алуу жакшы өттү.

Билим берүү кызматкерлери  өлкөбүздүн бермети болгон Ысык-Көлдүн суусуна түшүшүп, эс алышып, ден-соолуктарын чыңдап келишти. Ысык-Көлдүн кооз жерлерине жана "Рух Ордо" маданий борборуна экскурсияларга чыгышты.

Базар-Коргон районунун билим берүү кызматкерлери жайкы эс алуу көңүлдөгүдөй болгондугун белгилешип, эс алдырууну уюштуруп бергендиги жана колдоолор үчүн Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигине рахматтарын айтышып, ыраазычылыктарын билдиришти жана кесиптик бирликтин жетекчилеринин иштерине ийгиликтерди каалашты.

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райКБКнын адиси К.Асыранкулов