Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Ден соолукту чыңдоо

Биринчи байлык ден соолук!

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири кесиптик бирлик мүчөлөрүнүн ден соолугуна кам көрүү болуп саналат.

2023-жылдын эсебинен республикалык  эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунан “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийине, “Жалал-Абад” санаторийине, “Ысык-Ата” санаторийине жана “Ысык-Көл” эс алуу үйүнө жалпы 6 жолдомо тармактык кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитети тарабынан бөлүнүп берилди. Ушул жолдомолор комитеттин президиумунун кеңешмесинин чечими менен  бөлүштүрүлүп, 12 кесиптик бирлик мүчөсү ден соолугун чыңдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Ал эми ЖАМУнун кесиптик бирлик комитетинин “Кочкор-Ата” областтар аралык ден соолукту калыбына келтирүү борборунун жана “Жалал-Абад” санаторийинин жетекчилиги менен түзгөн эки тараптуу келишимдердин негизинде кесиптик бирликтин мүчөлөрү жеңилдетилген баада, өздөрүнө ыңгайлуу болгон ийкемдүү график боюнча жолдомолорду алып, ден соолугун чыңдоого шарт түзүлдү. Мындай келишим боюнча эмгек өргүү мезгилинде 3 кесиптик бирлик мүчөсү ден соолугун чыңдап, эс алып келишти.

Азыркы учурда “Ысык-Ата” санаторийинде эс алып, ден соолугун чыңдап жүргөн кесиптик бирлик мүчөлөрү санаторийде эс алуучулар үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөргө, тейлөө кызматына канааттануу менен дарыланып жүргөндүгүн айтышып, тармактык кесиптик бирликтин ары түйшүктүү, ары сыймыктуу ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалашты. Оорубаңыздар, ден соолукту чыңдайлы! Мыкты ден соолук, күчтүү энергия менен эмгектенүүгө даяр бололу!

 

 

Маалыматты даярдаган: ЖАМУнун кесиптик бирлик комитети