Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

2022 г. "Год защиты горных экосистем и климатической устойчивости"

Жашылдандыруу-көрктөндүрүү иш-чаралары аткарылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги №171-б буйругун аткаруу, окуучуларда жана жаштарда эмгекке жана анын натыйжаларына жашоодогу баалуулуктардын бири катары жакшы мамиле түзүү, ошондой эле өлкөнүн калктуу конуштарын жана билим берүү уюмдарын көрктөндөрүү деңгээлин жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №1 “Инсанды руханий жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө”, 2022-жылдын 31-январындагы №17 “2022-жыл Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулугун коргоо жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” Жарлыктарын,  КР ББжИМнин 2022-жылдын 6-апрелиндеги №570/1 буйругун ишке ашыруу максатында “Бир окуучудан – бир көчөт” жалпы республикалык акциясы жыл сайын өткөрүүнүн иш-чаралары түзүлүп, иштер уюштурулуп жатат.

2022-жылдын март-май айларында Ноокен районунун билим берүү мекемелеринде КРнын Президенти демилгелеген "Жашыл мурас" улуттук долбоорунун алкагында, “Бир окуучудан - бир көчөт” жана 3 айлык жашылдандыруу-көрктөндүрүү иш-чараларынын алкагында бир топ алгылыктуу иштер аткарылды.

Райондогу бардык билим берүү уюмдары жергиликтүү башкаруу органдары менен биргеликте үч тараптуу макалдашуулардын негизинде жашылдандыруу-көрктөндүрүү иш-чараларынын алкагында тыгыз иш алып барышууда.

Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан бул боюнча атайын сынак жарыяланган жана 3 айлыктын жыйынтыгы менен мыкты иштер бааланып, алдынкы жамааттар сыйланат. 

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райондук КБнын инпектору Т.Бакиров